Жабырлануучу: мас милиционерлер кабыргаларымды сындырып, уурулукка айыпташты

© Sputnik / Табылды КадырбековПострадавший от рук милиционеров Автандил Тынышев
Пострадавший от рук милиционеров Автандил Тынышев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыйноого кабылган киши Sputnik Кыргызстан агенттигине үч жыл мурун милиционерлер аны кантип кордогонун айтып берди.

Абак кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМКтын төрт кызматкеринин ар бири 7 жылга соттолду
Статистикага караганда, 100 адамга жасалган кыйноонун 85и укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан ишке ашат. Кыргызстанда 25 жыл ичинде бул өңүттөгү бир нече гана иш сотко жеткен. Бирок Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, ушул күнгө чейин бир дагы милиция кызматкери жазаланган эмес.

Афтандил Тынышев укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына окуя кандай болгонун жана азыр кандайча уланып жатканын айтып берди.

— Окуяны башынан баяндап берсеңиз.

— Үч жыл мурда, 23-май күнү бир нече погончон адамдар үйүмө келишти. Алар өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштыруу менен Рысмат Тургунбаевдин 11 кою жоголгонун билдиришти. Мен ага тийштигим жок экенин айтып, эгер каалашса короону текшеришсе болорун айттым.

Алар үйдү текшерүүгө алгандан кийин алар менен кошо милицияга барышым керектигин айтышты. Участокко баргандан кийин күнөөнү моюнга алып, менин атымдан жазылган кагазга кол кой деп буйрук беришти. Анда койлорду "мен уурдагам" деп жазылып туруптур. Бирок мен эч кимдин малына тийген эмесмин да! Алар кагазга кол коюну талап кылганда, мен албетте баш тарттым. Анан эле эшик, терезелерди жаап мени сабай башташты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАфтандил Тынышев: погончон адамдар колдору менен дагы буттары менен дагы сабашты. Канчоо экени так эсимде жок — беш же алтоо болсо керек. Жаш балдар атасындай кишини тепкилеп жатышты…
Пострадавший от рук милиционеров Автандил Тынышев - Sputnik Кыргызстан
Афтандил Тынышев: погончон адамдар колдору менен дагы буттары менен дагы сабашты. Канчоо экени так эсимде жок — беш же алтоо болсо керек. Жаш балдар атасындай кишини тепкилеп жатышты…

— Кагазга кол койбой койгонуңуз үчүн сабаштыбы?

Приемник-распределитель ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Жапаровдун камактагы уулу менен жолугуп, камералардын абалы менен таанышты
— Ооба, колдору менен дагы буттары менен дагы сабашты. Канчоо экени так эсимде жок — беш же алтоо болсо керек. Жаш балдар атасындай кишини тепкилеп жатышты… Алардан арак жыттанып турду. Мен эч нерсе кыла алган жокмун. Койлору жоголгон жабырлануучу малы каякта экенин аныктаганын айтып, милиционерлерди токтотууга аракет жасады. Бирок аны эмнегедир кубалап чыгышты. Болжол менен бир саат өткөндөн кийин эс-учумду жоготуп койдум. Дагы бир нече мүнөт кыйноодон кийин кое беришти.

Үйгө чейин мени баягы Турганбаев жеткирди. Жубайым менин абалымды көргөндөн кийин ооруканага алып жөнөдү. Кечинде ошол эле милиционерлер үйүмө жетип келишти.

— Эмне дешти?

— Алар түнкү саат 11.00дө келишти. Мен капельницада жаткам. Арыз жазба деп өтүнүшүп, жаңылышкандыктарын айтышты. Кечирим суроо менен дарыланууга кеткен чыгымдарды төлөп берүүнү убадалашты.

— Бирок арызды баары бир жаздыңыз да…

— Мен ооруканада жатканда милиционерлер 40 миң сом сунушташты. Бирок иш козголгондо сумма беш миң долларга чейин өстү. Аларга мынча сумма акча деле эмес… Үйлөрү хан сарайдай. Мага сунуштаган акчаны башка бир бакуйшту кыйнап алышса керек да.

— Дарыгерлер эмне дешти?

— Оорунун таржымалында баш мээ чайкалган деп жазылган. А чындыгында төрт кабыргам сынып, денемдин бардыгы шишип кеткен болчу.

— Дарыгерлер алган жаракатыңызды кагазга толугу менен эмнеге түшүрбөй коюшту?

— Милиция кызматкерлери дарыгерлер менен тааныш экен. Оорунун таржымалында алган жаракатымдын жарымы да жазылган эмес. Кийин коңшу палатада жаткандар дарыгерлер менен милиционерлердин сүйлөшүп жатышканын угуп калышканын айтышты. Дарыгерлер жаракатымды толук жазбайбыз дешиптир. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАфтандил Тынышев: оорунун таржымалында баш мээ чайкалган деп жазылган. А чындыгында төрт кабыргам сынып, денемдин бардыгы шишип кеткен болчу
Пострадавший от рук милиционеров Автандил Тынышев - Sputnik Кыргызстан
Афтандил Тынышев: оорунун таржымалында баш мээ чайкалган деп жазылган. А чындыгында төрт кабыргам сынып, денемдин бардыгы шишип кеткен болчу

— Териштирүү иштери канча убакытка созулду?

— Тергөө иштери үч-төрт айга созулду. Ал эми соттун чечими бүгүнкү күнгө чейин чыга элек. Мени сабагандар укук коргоо органдарында иштеп, погондорун чече элек. Мен арызда алты адамды көрсөткөнүм менен үч гана милиционер соттолуучу болуп жатат.

— Эмнеге үчөө эле жооп берүүдө?

Крушение малайзийского Boeing на Украине - Sputnik Кыргызстан
Бүчүрү сынган секелектер. Бөйрөгү ооруду деген кыз кош бойлуу болуп чыкты...
— Алар күнөөнү бири-бирине шылтап жатып, өздөрүнө өздөрү жасап алды. Бул убакыт аралыгында тогуз сот алмашты. Ар бир сот жыйынына келген сайын адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн адамдардын кайдыгерлигин байкайм. Кээ бир милиционерлер сот отурумуна келбей коет же адвокаттары эле келет.

Ишти дагы башкача бүтүрүүгө аракет жасашты: акча сунушташты, оозумду жабыш үчүн үйүмө кыздарды алып келишти…

— Сиз күч органдары тарабынан жасалган кыйноолорго каршы семинардын мүчөсү болупсуз. Эмнеге?

— Кыйноого кабылган адамдар мени көрүп акырына чейин турууга шыктанышсын дедим. Айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлери бардык маселелерди акча менен чечүүгө көнүп алышкан. Кылган иштерине жооп бергилери келбейт. Эгер жаран акча алууга көнбөсө кайрадан кыйноого алууга аракет жасашат.

P.S. соттолуучу милиционерлердин адвокаты Мирлан Муратов бул ишке комментарий берүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0