00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
14:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кадамжай: жол кырсыгына кабылган аскерлердин дагы төртөөнө операция жасалат

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперацияга даярданып жаткан дарыгерлер. Архив
Операцияга даярданып жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-мартта аскердик унаа жол кырсыгына кабылып, жол четиндеги турак үйдүн короосуна кирип кеткен.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кадамжай шаарына кире бериште жол кырсыгынан жабыркаган аскерлердин дагы төртөөнө операция жасалат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев аскерлердин абалы менен таанышуу үчүн барган учурда белгилүү болгонун өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 27-мартта аскердик унаа жол кырсыгына кабылып, жол четиндеги турак үйдүн короосуна кирип кеткен. Кырсыктан жаракат алган 29 аскер ооруканага жеткирилген. Жети жоокер оор абалда, бир аскерге операция жасалды.

"Башкы дарыгердин айтымында, жакынкы күндө дагы төрт аскерге операция жасалмакчы. Жеңил жаракат алган 14 жоокер Ош шаарындагы аскердик госпиталга которулган. 29-мартта алты жоокер Ошко жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Халмурзаев ошондой эле жабыр таркан үйдүн ээлери менен жолугуп, окуя толук териштирилгенден кийин компенсация маселесин чечип берүүнү убадалады. Андан сырткары, жергиликтүү бийликке тез арада турак үйдүн жол жактагы тарабын тосуу иштерин бүткөрүүнү тапшырды.

НТС телеканалынын журналисттеринин кырсыктаганы видеого тартылып калган - Sputnik Кыргызстан
НТС журналисттеринин кырсыктаганы видеого тартылып калган
Ал ортодо Транспорт жана жолдор министрлиги Ош — Баткен — Исфана жолунун 123-чакырымын сол жакка кеңейтүү жана авариялык токтоо үчүн жер бөлүп берүү маселеси Кадамжай мэриясы тарабынан чечилбей жатканын билдирүүдө.

"Кыргызжолтрансдолбоор" ишканасы аталган жолдун жээгине бетон тосмо куруу, ошондой эле ылдамдыкты азайта турчу атайын түзүлүштөр жана авариялык учурда атайын токтой турчу жердин чиймесин даярдаган.

Андан сырткары, 121-чакырымга жүк ташуучу автоунаалар үчүн кошумча 800 метр айланма жол салынган. Ал жакта Кайгуул милициясы автоунаалардын кыймылын көзөмөлдөп турат. Ошондой эле 123-чакырымга үч светофор орнотуу үчүн 500 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0