БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Арча-Бешик жаңы конушунда кудукка түшүп кеткен жаш баланын сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Билдирүүгө караганда, окуя Арча-Бешик жаңы конушундагы 8-көчөдө болгон. Анда 1,5 жаштагы ымыркай үйдүн жанындагы кудукка түшүп кеткен.
Каза болгон ымыркайдын сөөгүн кудуктан ӨКМдин куткаруучулары чыгарышкан.