БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкек менен Ош шаарында жаан-чачын болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, 27-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы 10…12 градус болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-5 метрден 14 метрге чейин жетет.
Ош шаарында да жаан жаайт, абанын температурасы 13…15 градуска чейин жогорулайт.