БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан жабыркаган жети адамдын экөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн Бишкектин Шопоков менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги цирктин аймагында маршрутка менен жол тандабас кагышып, маршрутка ала салып кеткен.
Кырсыктан жети адам жабыркаган, алардын бешөө — аял, экөө — эркек.
"Кырсыктан жабыркагандардын арасында жаш бала жок. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматынын үч бригадасы барган. Беш адамга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилди. Ал эми баштарынан жаракат алган 20-21 жаштагы кыздар Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө жаткырылды", — деп жазылат маалыматта.
Министрликтен кабарлашкандай учурда кыздардын абалы туруктуу.