Бишкектин борборунда маршрутка ала салып, 7 киши жабыркады

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке перевернулся "бусик", есть пострадавшие
В Бишкеке перевернулся бусик, есть пострадавшие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Шопоков менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкектин цирк аймагынан маршрутка менен жол тандабас кагышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан ШИИБ Кайгуул милициясы билдирди.

Окуя Шопоков менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде катталып, маршрутка ала салып кеткен. Кырсыктан жети адам жабыркаган, алардын бешөө — аял, экөө — эркек.

"Жабыркагандардын үчөө улуттук госпиталга, калгандары Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген", — деп Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы тууралуу билдирүү Тез жардам кызматына эртең мененки саат 8:20да келип түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0