Метеоролог: 40 жыл иштеп, кесибин баласына өткөрүп бергендер бар

© Sputnik / Эламан КарымшаковӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев
ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 23-мартта Метеорология бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Кыргызстанда гидрометеорология агенттиги 1926-жылы негизделип, учурда республика боюнча 144 станция иштейт. Бул багытта иштеген 600дөн ашуун кызматкердин эмгегинин аркасында аба ырайынын кандай болорун билип турабыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев метеорологдордун түйшүктүү жумуштары, аба ырайынын кантип аныкталары жана быйыл жаз эмнеге кечигип жатканы туурасында айтып берди.

— Айтсаңыз, Кыргызстанда аба ырайын алдын ала билүү качан баштаган?

— Кыргызстандын аймагында алгачкы ирет Караколдо 1856-жылы метеостанция ачылган. Андан соң Алайдын Гүлчө шаарына курулган. Кийин өлкөнүн башка аймактарында дагы ачылып отуруп, 1926-жылы Кыргызгидромет агенттиги түзүлүп расмий түрдө иштей баштаган.

— Өлкө аймагында канча станция иштейт?

— Былтыр станциялардын баарын автоматташтырганбыз. Учурда 70ден ашуун метеостанция, 80 гидропост (суу ченөөчү станция) 30 агропост (жердин климатын аныктоочу станция) бар. Мөңгүлөргө, айлана-чөйрөнүн булгануусуна жана кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарга байкоо жүргүзүп турабыз.

— Аба ырайын канча күн мурда аныктай аласыздар?

Ледники - Sputnik Кыргызстан
Эколог Кутманова: "Давыдов", "Лысый" мөңгүлөрү көз алдыбызда эле эрип жок болду
— Алдыңкы 10 күндүк аба ырайын өзүбүз аныктап бере алабыз. Россия аныктап жөнөткөн бир айлык божомолду бул жактан тактап чыгарабыз. Ал эми сезондук аба ырайын аныктоого мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ал үчүн тийиштүү техникалык каражаттар, илимий борборлордун болушу шарт.

— Кээде айтканыңар дал келбей калган учурлар болобу?

— Климатта чукул өзгөрүү болуп кетсе, ошондой кырдаал жаралып калышы мүмкүн. Учурда божомолдонгон маалыматтардын 90 пайызы туура натыйжа берүүдө. Белгилей кетчү жагдай, мындан 10 жыл мурда Кыргызгидромет начар абалда эле. Эми кайрадан жанданып, автоматтык станциялар курулуп, кызматкерлердин айлыгы жогорулап жатат. Негизи эле союз тарагандан кийин Кыргызгидрометке анча көңүл бурулбай калган. СССР убагында Кырыгызстандын аймагында 70тен ашуун метеостанция, 140 гидропост, 8 кар көчкү станциясы бар эле. Анда иштеген кызматкерлердин саны 1500гө жетчү. Алардын бир тобу каражаттын жоктугунан иштебей калды.

— Айлана-чөйрөнүн булгануусу боюнча өлкөдөгү кырдаал кандай?

— Ысык-Көлдү ала турган болсок, азыр союз убагына салыштырмалуу суу таза сакталууда. Анткени ал учурда айыл чарбасында химиялык жер семиркичтер көп колдонулуп, анын калдыктары көлгө куюлуп суу булгана берген. Азыркы дыйкандар химиялык заттардары анчалык көп колдонушпайт. Бирок жака-белиндеги пансионаттар да көлдүн булгануусуна таасир берет. Жакшы жери сезон 3-4 айга созулуп, башка мезгилдерде суу өзүн-өзү табигый жол менен тазалап турат.

© Sputnik / Эламан КарымшаковӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев
Заместитель директора Гидрометцентра при Министерстве чрезвычайных ситуаций Рыскелди Асанкожоев - Sputnik Кыргызстан
ӨКМдин алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев

— Мөңгүлөрдүн абалычы?

— Мурда бул боюнча иштер токтоп калган. Үч-төрт жылдан бери мөңгүлөргө байкоолорду жандандырып жатабыз. Бир жылдык кардын жаашы менен эригенин салыштыра келсек, эрип кетүүсү көп болууда.

— Көпчүлүктү кызыктырган суроону бергим келип жатат. Быйыл жаз эмнеге кечигүүдө?

Факты незаконной вырубки лесов на южном берегу Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт токойлорду мыйзамсыз кыюу менен күрөшүүнү сунушталды
— Муну жаратылыштын мыйзам ченемдүү көрүнүшү катары бааласак болот. Белгилей кетсек, 2012-жылы да ушундай болгон. Климаттык процесстер алмашып турат. Өткөн жылы жаз эрте келгени менен жаанчыл, ал эми 2014-жылы кар аз жаап кургакчыл болгон.

— Метеорологияга кызыккан жаштар барбы?

— Бизге келип иштөөгө кызыккан жаштардын саны арбын. Бирок аларга айлык аз төлөнгөндүктөн, бул жакта иштеп үйрөнүп тажрыйба топтоп алып, кызмат акысы жогору авиакомпаниялардын аэронавигация кызматына же чет өлкөлөргө кетип калышат.

— Маяна өтө эле төмөнбү?

— Жаш адистердин айлык акысы беш миңден башталат. Кошумча жумуштары менен биригип он миңдин тегерегинде болот. Андан ары иш тажрыйбасына жараша жогорулай берет. Ал эми бийик тоолуу аймактарда иштегендерге 25 миң сомго чейин айлык берилет. Мындан сырткары, социалдык пакеттер каралган. Оор шартта иштегендер азык-түлүк менен камсыздалып, жыл сайын акысыз медициналык кароодон өтүп турат.

— Кыргызстанда метеоролог, гидрологдорду даярдай турган окуу жайлар барбы?

— Кыргыз-орус славян университетинде метеорология боюнча окуткан кафедра иштейт. Агрардык академияда гидрология илими боюнча окутат. Ошондой эле Кыргыз-түрк "Манас" университетинде экологдорду даярдаган факультет бар. Учурда Улуттук университетте да гидролог, метеоролог, эколог адистигин окуткан факультет ачуу боюнча долбоор иштеп жатабыз.

— Өзүңүз кайсыл окуу жайды аяктагансыз?

— Мен кесибим боюнча инженермин, Политехникалык институтта окугам. Он жыл ӨКМдин аскер кызматында, беш жыл Өкмөттүн аппаратында эмгектенгем. Кыргызгидрометте 2012-жылдан бери иштеп келатам.

— Кыргызгидрометтин эл билбеген жактары…

Долгожданные брызги фонтана - Sputnik Кыргызстан
Суу сыйлаган зор болор. Суу тууралуу кызыктуу 10 факты
— Бизде 40 жылдан ашуун эмгектенгендер бар. Аймактагы гидропосттордо үй-бүлөсү менен иштеп, өзү пенсияга чыкканда кызматын балдары, неберелерине чейин өткөрүп беришет. Антпесе баары эле тоолуу аймактарга барып иштей беришпейт.

Былтыр Чычкан капчыгайында кар көчкүнү атып түшүрүүгө барышса, бир уюлдук оператор өзүнүн станциясын тургузуп коюптур. Аны башка жакка жылдырууга макул болбой, ал маселе өкмөткө чейин жеткен. Эми аткан сайын ага жеткирбегенге аракет кылып жатышат. Эми бир күн атканда тийип кетип, кулап кетиши ыктымал.

ӨКМде иштегенде кар көчкүнү атып түшүрүү иштерине катышып жүрдүм. Жол жабылганда биз атайылап тосуп койгонсуп чыр чыгарган айдоочулар менен "ажылдактарды" көп көрдүк. Бир окуя эсимде, көчкү ата турган жерге оор жүк ташуучу унаа келип бузулуп калган. Же атып түшүрө албай же ал унааны жылдыра албай келе берсек, эртеси кычагансып, ошол жерден көчкү түшүп жетекчибизден тил укканбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0