Дүйнө жүзүндөгү глобалдык көйгөйлөрдүн бири бул — экология. Жер планетасында суунун тартыштыгы, мөңгүнүн азайышы өзүнчө тема. Журналист Гүлдана Талантбекова эколог, мөңгүлөр боюнча адис Динара Кутманова менен маек курду.
— Мөңгүлөрдүн азайышы тууралуу маселени козгоордон мурун алардын адамзат жашоосуна, табиятка тийгизген пайдасы тууралуу учкай кеп кыла кетсек.
2013-жылы "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мөңгүлөр жабыркап жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Мен өзүм мамлекеттик коммисиянын эксперттик тобунун жетекчиси болуп баргам. Эң өкүнүчтүүсү — өкмөт бул ишти аягына чейин чыгара элек.
— Кыргызстанда СССР убагында мөңгүлөрдүн саны 8 миңден ашык болсо, акыркы жылдары 6,5 миңге чейин төмөндөп кетти деген версия бар. Экологияга "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнөн сырткары климаттын өзгөрүшү, күндүн жылышы канчалык бир деңгээлде таасирин тийгизеби?
— Климаттын өзгөрүшү — жер планетасынын жалпы көйгөйү. Мөңгүлөрдүн азайышы боюнча ар кандай теориялар айтылып жүрөт. Айрымдар биологиялык, географиялык процесс жүрүп жатат десе, башкалар адам ишмердүүлүгү менен байланыштырышат. 1998-жылы дүйнөлүк метерологиялык уюмга киргенбиз. Азыр Чолпон-Атада температурага көзөмөл жүргүзүүчү станция бар. Ошол изилдөө боюнча 1970-1995 жылдардан баштап температуралык график менен "Кумтөрдүн" иши башталган 1995-2015 жылдардын аралыгын алып караганда мөңгүлөрдүн бир топ эле жабыр тарткандыгын көрүүгө болот. Алар иш менен кошо абаны булгай турчу заттарды чыгарышат, ар кандай техникалар колдонулат, күйүүчү май менен иштешет, ар кандай жардыруулар болот.
— Сууну барктабай жатканыбыздын да бир себеби биз көп учурда Кыргызстан тоолуу өлкө, суусу кенен деген психология калыптанып калган. Сууга зар мамлекеттегидей муктаждык жаралса башкача мамиле кылып калмакпыз деп ойлойм. Анын үстүндө токой аянттарынын азайышы дагы мөңгүнүн эришине таасир берип жатат деп айтышат.
— Бизде кайсыл жакка барсаң эле суу чыга берет да. Өзгөчө Нарын менен Ысык-Көлдө суу кенен. Бирок Баткенде эл таза сууга жетпей кыйналып жатат. Ал жакта жашоо оор. Өлкө боюнча сууну пропагандалоо иши жүргүзүлсө жакшы болмок. Колдо бар алтындын баркы жок дейт. Биз чындыгында бактылуу элбиз. Швейцария менен биздин жаратылышты салыштырганда, алда канча өйдө турабыз. Европада көп нерсе жасалмадай сезилет.
Албетте, токой аянтынын көп артыкчылыгы бар. Алар көмүр кычкыл газын соруп алышат. Бир гана мөңгүнүн эрип кетишине жол бербестен, жер титирегенде дагы тамырлары менен үстүңкү катмарга туруштук берип турат.
— Эгер ичээр суубуз түгөнүп калса, мөңгүгө көз артып калышыбыз мүмкүн да. Бизде атайын аларды иштетип, тазалай турчу жабдыктар барбы?
— Техникалык жактан баарын жасоого болот. Бирок ар бир аппарат күйүүчү май менен иштейт, демек зыяны да болот. Сууну тазалоо канча турат деген суроо туулат. Чет жерде океандын суусун алып жаткандар бар. Бирок бул жерде экономикалык жактан канчалык деңгээлде пайдалуу экендигин караш керек.
— Азыр дүкөндөрдө мөңгүнүн суусу деп атайын бөтөлкөлөргө сатып калышат. Алар чын эле мөңгүнүн суусубу?
— Мөңгүлөр эригени менен кайра тоңуп калыбына келе турчу касиетке ээби?
— Бул мөңгүлөр миң жылдап отуруп куралат. Ошол эле Арктика, айсбергдер жүз жылдап, миң жылдап топтолгон. Теориялык жактан баары мүмкүн. Бирок ал убакыттан көз каранды.
— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?
— Жаратылышты коргойлу, аяр мамиле жасайлы. Мөңгүлөрдү өз убагында сактайлы. Бул маселе саясий эрктүүлүктөн дагы көз каранды.