00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Капотко жабышкан инспекторлор: Кайгуул милициясы качан күч колдоно алат

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на сотрудников патрульной милиции
Случаи нападения на сотрудников патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Качкан унаанын артынан кууп баруу Кайгуул милициясынан өзгөчө кылдаттыкты талап кылат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Кайгуул милициясынын кызматкерин унаанын капотуна жаткырган бойдон сүйрөп кеткен окуя саат 12.30дар чамасында Жибек Жолу проспектисиндеги батыш автобекетинин аймагында катталды.

Бул март ичинде болуп өткөн үчүнчү көрүнүш. 

15-март күнү Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде айдоочу инспекторго баш ийбей койгон. Бирок милиционер анын капотуна жармашып, алыска узаткан эмес.

Капотко сүйрөлгөн дагы бир милиционердин видеосу чыкты - Sputnik Кыргызстан
Капотко сүйрөлгөн дагы бир милиционердин видеосу чыкты
Ушундай эле окуя 20-мартта Киев көчөсү менен Манас проспектисинде катталган. Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча документин көрсөтүүдөн баш тарткан айым инспекторду капотко жабыштырган боюнча унаасын айдап жөнөгөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мындай учурларда айдоочуларга кандай чара колдонулаары жана Кайгуул милициясынын кызматкери өзүн кантип алып жүрүүсү керектигине кызыгып көрдү.

Жол тартибинин сакчылары маселени сүйлөшүү жолу менен чечип, кайсы учурда курал же күч колдоно алары тууралуу Кайгуул кызматынан айтып беришти.

Инспектор айдоочуга качан күч колдоно алат

Бул тууралуу КРдин ички иштер органдары жөнүндө мыйзамынын 13-беренесинде айтылат. Ага ылайык, эгер айдоочу милициянын айткандарын аткарбай, баш ийбей, каршылык көрсөтсө, күч колдоно алат. Кайгуулчу мушташтын атайын аскердик ыкмаларын жана дубинка менен кишен сыяктуу каражаттарды дагы колдонсо болот.

Курал менен коркутууга болобу

Курал колдонуунун шарттары ошол эле мыйзамдын 15-беренесинде жазылган. Милиция кызматкери куралды жарандарга жана өзүнүн өмүрүнө коркунуч жаралганда гана колдоно алат. Ызырынган адамдын мизин күч же атайын каражаттар менен кайтарууга аракет кылышы керек. Андан кийин гана курал колдонорун эскерте алат. Айта кетчү жагдай, айдоочунун колунда жөн гана таяк же ошол сыяктуу буюм болсо, милиция кызматкери курал колдонууга акысы жок.

Унаа токтобой качып кетсе…

Жол кайгуул кызматынын ак иштеген инспектору айлыкка кантип жашаса болорун айтты
Бул кырдаал Кайгуул милициясынан өтө кылдаттыкты талап кылат. Эгер айдоочу качса, ал ичип алган же укук коргоо органдарынан жашырган кандайдыр бир кылмышы болушу мүмкүн. Демек, айдоочу милиция кызматкерине дагы, ошол тегеректеги адамдар үчүн дагы кооптуу. Мындай учурда инспектор качкындын артынан кууп бара жатып, үн күчөткүч аркылуу бир нече жолу талаптарын айтышы керек. Ошого да карабай жолун улантса, айдоочуну эмес, унаага же дөңгөлөктөргө аткылап токтотууга укуктуу.

Милиционерди капотуна жаткырган бойдон сүйрөп кеткен айдоочунун жазасы

Айдоочуга карата "бейбаштык", "адам өмүрүнө коркунуч жаратуу", "күч органдарына каршылык көрсөтүү" сыяктуу бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголот.

Камера

Кайгуул милициясынын кызматкерлери үч смен менен иштешет. Ар бир кызматкердин төшүнө тагылган камера токтобой иштеп турушу керек.

Кесипкөйлүк

Кайгуул милициясы кандай гана кырдаал болбосун өзүн татыктуу кармап, эмоцияга алдырбашы керек. Ал айдоочуга талаптарды мыйзам чегинде гана коюп, өз кадыр-баркына, кызматтык беделине шек келтире турган кылмыш-аракеттерден алыс болушу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0