00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үйрөнчүк айдоочуларга 9 "болбойт"

© flickr.com / State FarmВодитель за рулем
Водитель за рулем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңыдан унаа алганда адыраңдап көп жылдан бери рулда отурган адамдай, жөөлөргө кыйкырып-өкүрүп, башка унаалар менен жол талашып калгандар арабызда аз эмес.

Темир тулпарына жаңыдан отуруп руль башкарган жаңы үйрөнчүктөргө болбой турган нерселер да бир топ экен. "Автодрайв" унаа мектебинин мугалими Улан Имангазиев аларды күлкү-тамашасы менен кошо тизмектеп, кеп-кеңештерин берип кетти.

Смог в Москве и Московской области - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик таксисттин кыжырын кайнаткан 6 нерсе
Жолдун чок ортосуна түшпө! Унааны жаңы үйрөнүп айдай баштагандар жолдун оң жагына чыгып алганы оң. Биринчиден, башкаларга тоскоол болбойсуз, экинчиден өзүңүзгө эле жакшы. Азырынча адыраңдабай, эки-үч ай четке чыгып эле айдаганыңыз дурус болот.

Унаалар менен жол талашпа! "Өлө албай атып өлөң айткандай" эле болосуз. Жаңы эле айдай баштадыңыз да, сизден да кыйын айдаган "шумахерлер" бар экенин унутпаңыз. Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло деген сөз бар эмеспи…

Шашпа! Айдоочулук күбөлүктү алганыңызга бир ай боло элек жатып, ылдамдыкты көбөйтүп алганыңыз кандай? Күбөлүктөн кол жууп же очойто айып пул төлөгөндөн коркпойсузбу? Кудай анын бетин ары кылсын, бирок шашып баратып бирөөнү коюп кетсеңиз эмне болот…

Жөө адамга атырылба! Кечээ эле маршрутка менен жүргөнүңүздү унутуп калдыңызбы?..

Кайрыларда атайын белгини баспай бурулба! Унаага алгач отуруп жаткандар кайрылыштардан бурулуп жатканда атайын белгини басууну, күзгүнү караганды унутуп калышат. Бул учурда жол эрежесин бузмак түгүл, унааңыздын "жамбашынан" айрылып калышыңыз ыктымал.

Газ менен тормозду алмаштырба! Көп учурда үйрөнчүктөр газ менен тормозду алмаштырып алат да токтото турган жерден газды баскан боюнча кетишет. Эгер инструктор жаныңызда болсо жакшы, жалгыз бара жатканда кайталансачы….

Күзгүгө каранып, алаксыба! Токтогон жерден бети-башын боеп ийгендердин кулагына күмүш сырга. Айымдар, ар дайым сулуусуздар, кантип эле бир светофордон экинчисине жеткичекти түрүңөр суук болуп кетсин. Барар жериңерге жеткенден кийин каалаганча боено бергиле!

Улуттук кийим кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайната-кайненеге тиешелүү 12 "болбойт"
Телефонго алаксыба! Өзүңүз жаңы үйрөнүп калтырап-титиреп айдап бара жатып телефондон сүйлөшүп же интернетте отурганды эмне кыласыз.

Сигналга көп көңүл бурба! Светофордо токтоп турган учурда артта тургандар сигнал басып жиберишет. Бул учурда чочуп кетип кызыл белгиден да өтүп кетишиңиз мүмкүн. Андыктан өзүңүздү рулда эркин, бирок жоопкерчиликтүү сезип, жол эрежесин сактап, башкалардын да кызыкчылыгы менен эсептеше жүрүңүз!

Жолуңар шыдыр болсун, үйрөнчүктөр!

Жаңылыктар түрмөгү
0