Ал өз билдирүүсүндө Чүй менен Манас проспектисинин кесилишинде мамлекеттик объектилерди коргоо боюнча кызмат өтөп турганын жазган. Манас проспектисинде машина токтотууга болбойт деген белгиге карабай Toyota Windom үлгүсүндөгү эки машинанын токтоп турганын көргөн.
"Инспектор токтоп турган биринчи Toyota Windom үлгүсүндөгү машинанын айдоочусуна келип, техникалык паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн сураган. Экинчи автоунаанын жанына келгенде айдоочусу болгон эмес. Ал 5-10 мүнөттөн кийин келип, тийиштүү документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан. Бирок бир аздан кийин чала-бучук көрсөтүп унаасына отуруп, атайылап сүзүп айдап качууга аракет кылган", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочунун 52 жашта экени аныкталды. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабыр тарткан инспектор 32 жашта.
Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Видеоматериал укук коргоо органдары тарабынан берилип, Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча мыйзамдарынын негизинде даярдалды.