БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Москвада Россия президенти Владимир Путин менен Туркия лидери Тайип Эрдогандын жолугушуусу болгондугун РИА Новости жазды.
Россия президенти Владимир Путин орус-түрк байланыштары тездик менен калыбына келе баштаганын билдирди. Анын айтымында, эки өлкө инвестициялык кызматташууну жакшыртып, ар кыл долбоорлорду ишке ашыруусу зарыл.
Ошондой эле Путин тараптардын соода-экономика жаатында дагы кызматташуулары калыбына келип калганын кошумчалады.
"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле акырындык менен калыбына келип калганына кубанычтамын. Мындай форматта көптөн бери жолуга элек болчубуз, менимче, акыркысы 2014-жылы болсо керек эле. Соңку кездерде орус-түрк мамилелерин жогорку деңгээлде жеткирүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз", — деди Путин.
Ал эми Эрдоган эки өлкө тоскоолдуктарды жеңүүгө күчү жеткендигин билдирди.
"Бүгүнкү жолугушуунун мааниси өтө чоң. Ооба, биздин мамилелерде жылыш болду, бирок, белгилүү бир деңгээлге жете элек. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр маалында мамилелерди калыбына келтирүү процессин аягына чыгардык деген ойдомун. Мындан ары "кабылына кетирүү" деген сөздү айткыбыз келбейт", — деди Эрдоган
Мындан тышкары тараптар "Түрк агымы" жана "Аккую" АЭСи боюнча долбоорлорду улантуу боюнча сүйлөшүштү.