Мындан улам баласын табууга жардам берүүнү суранып курбусу Токтокан Макаева Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды. Бааркан эне бала кезинде ата-энесинен ажырап томолой жетим калса, эки балалуу болгондон кийин күйөөсү да каза болуп жесирликтин азабын тартат. Тагдырдын сыноосу ушу менен эле чектелип калбай, карыганда балдарынан сый көрүүнү да буюрбаптыр, дейт уулун күткөн эне.
— Жеңиш мектепти аяктагандан кийин шаардагы аскер бөлүктөрүнүн биринде иштеп жүрдү. Спорт менен машыккан, чечкиндүү, аракети күч бала эле. 2007-жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Байрак айылынын жашоочусу Карамат Тейитованын Лола, Жылдыз аттуу кыздарынын азгырыгы менен Казакстанга иштеп келем деп кеткен. Ошол боюнча андан кабар үзүлүп, байланыша албай калдык. Ушул кыздар алып барып, кулчулукка сатып жибердиби деп шектенип жүрөм. Болбосо акыл-эси соо уулум эмнеге дайынын билдирбей кетмек эле?.. Ал кыздар Кыргызстанга бир жылдан кийин кайтып келишти. Баламды сурасам "биз эч нерсе билбейбиз" деп гана кутулат. Андан бери тогуз жыл өтүп, 2016-жылы күз айларында Жеңиш агасына байланышка чыгып "апам экөөң Астана шаарына келгиле, ошол жактан жолугабыз" деп шашып телефонду өчүрүп коюптур. Кайра ал номерге чалганыбызда иштебей калды. Эгерде кулчулукта жүрбөгөн болсо, дайын-дарегин кененирээк айтып түшүндүрмөк да… Кургур каражатттын жоктугунан Астанага барып, издегенге чама-чаркым жетпей отурам. Жардам сурап, Казакстандын Оштогу консулдугуна кайрылсам, ал боюнча маалымат жоктугун билдирип келишет. Ал эми жергиликтүү милиция "уулуңузду кайдан тапмак элек" деген жооп узаткан. Алардын жообунан түңүлсөм да уулумдун тирүү экенинен үмүтүм чоң. Бир күн жадырап-жайнап кирип келип, мага карыганда чоң дем-күч болот деген үмүт менен гана жол карап жашап келе жатам. Тиешелүү кызмат жетекчилеринен суранарым, уулумду кулчулуктан куткарып берсеңиздер эки дүйнө ыраазы болор элем.
Жетимчиликтин азабы
— Өзүм 1953-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айылында төрөлгөм. Атам үч жашымда эле каза болуп калыптыр. Андан кийин апам экинчи турмушун курган. Бирок таш боор тагдыр жети жашымда апамдан дагы ажыратты. Ошентип ата-эне мээриминен кур жалак калып, өгөй атанын колунда эки жыл тарбияландым. Кийин ал мени Жалал-Абад облусунун Кочкор Ата шаарындагы жатак мектепке калтырып кеткен.
— Ошентип окууну жатак мектептен аяктадым. Менден улуу агамды да бала кезинде шум ажал алып тыныптыр. Бир туугандан да жок, ата-энеден да жок күндөрүм өтүп жатты. 1972-жылы Ош шаарына келип иштеп жүрүп, Адылбек Төлөнов деген жигитке турмушка чыктым. 1976-жылы Мурат, 1981-жылы Жеңиш аттуу эки уулдуу болдук. Жеңиш эки жашка чыгып, бактылуулуктун даамын сезе баштаганымда жолдошум каза болуп дагы бир күтүүсүз соккуга кабылдым. Мен кайгыга батып жүргөн мезгилде күйөөмдөн калган үйдү мага билдирбестен кайнежемдин атына каттатып алышыптыр. Анан кайын журтум 1985-жылы эки уулум менен үйдөн кубалап чыгарып коюшту. Ошол кезден бери батирден-батирге көчүп, ар кимдин үйүндө күн кечирип жүрөбүз.
Багы жокко дагы жок…
— Туруктуу жумушу, же кыйын күндө көңүл айтаар жакын адамдары жок эки уулду чоңойтуу оңойго турбады. Арзыбаган акчага иштеп нан таап жүрүп, эптеп балдарымды эрезеге жеткирдим. Чоң уулумду үйлөндүрдүп небере жытын искедим. Бирок "багы жокко дагы жок" болуп Мурат оорукчан болуп калды. Келиним эки баласын өзүнүн ата-энесине таштап, Россияга кеткен. Азыр ошол оорукчан уулум экөөбүз Ош шаарынын четиндеги Эдельвейс айылында батирде жашап атабыз.
Нан табуу үчүн базарда тараза коюп отурам
— Төрт жашымда өгөй атам менен апам уруша кетип, мени ыргытып жиберген экен. Ошондо бөйрөгүм катуу жабыркап анын азабын бүгүнкүгө чейин тартып келем. Тагдырдын тамашасы дагы түгөнбөй, өткөн жылы көкүрөк рагы илдетине чалдыктым. Уулума сарсанаа болуп жүрүп, жүрөгүм ооруп, кан басымым бир калыпта эмес. Жөлөк пул алуу үчүн Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылганымда, бир ирет үч миң сом берген боюнча токтоп калды. Анын артынан чуркап, документ иштерине жардам берген жакыным жок. Эки миң сомдон пенсия алып баштаганыма эки жыл болду. Ал дары-дармегимден ашпайт. Эптеп нан табуу үчүн базарга чыгып тараза коюп отурам.
Бааркан апанын жатак мектепте бирге окуган курбусу Токтокан Макаева ар тараптан көмөк көрсөтүп келет.
"Учурда өзүм Качкор-Атада жашайм. Окууну бүткөндөн кийин Бааркан Ошко кетип, байланыша албай калганбыз. Арадан көп жыл өтүп, бир күнү курбума кезигип калдым. Башынан көп нерсени өткөрүп кыйналып жүргөнүн айтты. Анан алым жетишинче жардам берип атам. Россиянын "Жди меня", "Пусть говорят" телепрограммаларына да кат жолдодум. Уулу табылып калса минтип карыганда карайлап көчөдө отурбайт эле да", — деди курбусу Макаева.
Ошондой эле ал тиешелүү жактардан баласын табууга жана колунда бар кайрымдуу жарандардан материалдык жардам берүүнү өтүнөт.