БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эркин күрөш боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Күрөш федерациясы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, мелдеш 3-5-март күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" спорттук комплексинде болот.
Чемпионатта өлкө аймактарынан келген 18-20 жаштагы спортчулар сегиз салмактык категория боюнча күч сынашат.