БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими болуп Айбек Бегимкулов дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Буга чейинки аким Таалайбек Долдоев өз арызынын негизинде премьер-министрдин жарлыгы менен кызматтан бошотулган.