00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте Тез жардам келгиче күйөөсү аялын үйүнөн төрөттү

© AFP / DIMITAR DILKOFFЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кош бойлуу аял бардыгы бат болуп кетерин ойлобогондуктан Тез жардам чакырууга шашкан эмес.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкекте шейшемби күнү эртең менен саат 7.15дер чамасында кош бойлуу аял дарыгерлер келгенге чейин үйүнөн төрөп койгонун Тез жардам кызматынан кабарлашты.

"Биз чакыруу боюнча Осмонкул көчөсүнө бала төрөлгөндөн 15 мүнөт өткөндөн кийин келиптирбиз. Барсак ымыркайдын киндигин кесүү иши эле калыптыр. Эне-баланын абалы жакшы. Алар төрөт үйүнө жаткырылды", — деп медиктер билдиришти.

Последствия сильных снегопадов в Чаткальском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Чаткал: жол жабылып төрөт үйүндөгү келиндер айылына келе албай убара
Маалыматка караганда бул аялдын экинчи төрөтү болгон. Кош бойлуу келин бардыгы мынча бат болуп кетерин ойлобогондуктан Тез жардам чакырууга шашкан эмес. Толгоо учурунда үйдө жолдошу менен апасы болуп, төрөттү ошолор кабыл алышкан.

Көчмө бригаданын акушер-гинекологу Фарида Рамазанова ушундай кырдаалга тушуккан аялдарга бир нече кеңеш берүүгө макул болду.

Ал аялга жардам берердин алдында биринчи Тез жардамга чалып коюу керектигин эскертти.

"Төрөлүп жаткан баланын бутунан же башынан тарткылабаш керек. Аны кармап эле туруу зарыл, калганын жаратылыш өзү жасайт", — деди Рамазанова.

Ошондой эле баланын оозун былжыр суюктуктан тазалап коюу зарыл.

"Бул мындайча жасалат: колго таза бинтти же салфетканы орош керек. Анан сөөмөйдү баланын оозуна акырын салып тазалаш керек. Колду терең салууга болбойт", — деди акушер.

Ал киндикти медиктердин жардамы менен кесүүнү сунуштайт.

Работа родильного отделения Калининградского родильного дома №4 - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Наби Тагиев: акушерлердин эркек болгону жакшы
"Бирок көпчүлүк баланын киндигин өздөрү кесип салышат. Андайларга мындай кеңеш берет элем: кайчы же бычак спирт менен тазаланган болушу керек. Андан кийин киндикти баланын курсагынан 10 сантиметр өйдө жеринен байлап, андан кийинки байлам 2-3 сантиметрден кийин жасалат. Ошол эки жерден байланган аралыктын ортосунан кесип салыш керек", — деди Рамазанова.

Бала төрөлгөндөн кийин анын денесин кургак сүлгү менен аарчып энесинин төшүнө жаткырып, үстүнө кургак шейшеп жаап коюш керек.

Дарыгер кош бойлуу аял сөзсүз түрдө каттоодо турушу керектигин белгиледи.

"Көпчүлүк аялдар айылдан шаарга келип жашап калышкан. Алар үй башчысынан (домком — ред.) убактылуу жашап жаткандыгы тууралуу справканы алып, ошол адам менен кошо төрөт үйүнө келүү менен учетко турушу керек", — деди акушер.

Төрөт үйүндө болочоктогу энелерге толгоо деген эмне, өзүн кантип алып жүрүү керектиги үйрөтүлөт.

Акушердин маалыматына караганда, Бишкекте акыркы айларда үйдөн төрөгөн фактылар кыйла азайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0