БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 11:35тен баштап ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен шамал болуп жатканын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бактыга жараша шамалдан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Шаарда абал туруктуу. ӨКМ шаар тургундарын сак болууга чакырат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда катуу кардын жаашы уланууда.