Эртең өлкө аймагында кар жаабайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик бульварында бараткан шаар тургундары. Архив
Эркиндик бульварында бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, бирок кар жаабайт.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 20-февралда кар жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Анткен менен жолдор тайгак жана тоңголок болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Кар-көчкү көмүп калган үйлөрдү тазалоо иштери - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: кар көчкү алдында калгандар дарылана баштады, көбү шок абалында
Борбор калаада абанын температурасы күндүз —1…-3 болсо, түнкүчүсүн —10…-12 градуска түшөт.

Абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө —8…-13 градус, Сокулук районунда жана Талас өрөөнүндө —10…-15, күндүз —2…-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн —5…-10, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ош шаарында дагы жаздын жакындап калганы байкалбайт. Түнкүсүн —7…-9, күндүзү —0…-2 градус суук болот.

Жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0