БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ААКы маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзгөнүн мекеменин маалымат катчысы Назгүл Бегалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эми бул борбордун базасында "Коопсуз шаар", "Электрондук өкмөт" сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга болот.
"Буга чейин "Коопсуз шаар", "Электрондук өкмөт" сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн атайын платформа болбой келген. Эми аны "Кыргызтелеком" ААКы түзүп берди. Мекеме эл аралык стандарттарга туура келген маалыматтарды кайта иштеп чыгуу борборун түзүүдөгү тажрыйбасы менен 21-февралда Бишкек шаарында боло турган алтынчы Маалыматтык технология-2017 форумунда бөлүшөт", — деди Бегалиева.
Маалымат катчы "Кыргызтелеком" ААКы "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырбай турганын, болгону ага платформа түзүп бергенин баса белгиледи.
ИИМ тендерди утуп алган "Стилсофт Бишкек" компаниясы койгон талаптарга макул эместигин билдирип, сотко берген. Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев тендер боюнча эки анжы ойдо калганын билдирип, кийинчерээк долбоорду ИИМ өз күчү менен ишке ашырарын айткан.
Учурда "Коопсуз шаар" долбоору соттук териштирүүлөрдөн улам ишке ашпай токтоп турат. Иликтөө жүрүп болуп жатканына карабастан өкмөт "Коопсуз шаар" долбоору боюнча жаңы токтом токуй турганын былтыр сентябрь айынын аягында билдирген.