БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБи изи сууй электе бир чака сүттү уурдады деп 36 жаштагы кишини кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-февралда Дмитриевка айылынын 25 жаштагы тургуну кайрылып, саат 10.00дөр чамасында белгисиз бирөө короосунан 10 литр сүттү чакасы менен уурдап кеткенин айтып милицияга кайрылган.
Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында шектүү катары 36 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, Ысык-Ата РИИБдин тергөө бөлүмүнө берилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.