БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Manas ресторанынын имараты күйүп жатканын, жашоочулардын айтуусу боюнча кырсык жардыруудан кийин башталганын Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Пожар в ресторане Manas в Ташкенте
Пожар в ресторане Manas в Ташкенте
Ал арада Өзбекстан ИИМинин өрт коопсуздугу башкармалыгы жардыруу тууралуу маалыматты четке какты.
Өрт 11.31де чектелгени менен толук өчүрүлө элек. Аталган жер кара түтүнгө чулганып турат.
Сильный пожар произошел в ресторане «Манас» (+фото) https://t.co/5HO9WNN32R pic.twitter.com/UcAcj3lDXp
— Новости. (@uz24ru) 7 февраля 2017 г.
Ресторандын сайтында имаратка кирериң менен "Кыргызстандын байыркы жашоосуна" сүңгүп кирүүгө болору жазылган.
"Манас" — боз үйдө эс алып, кыргыз улуттук тамактарын даамдай турган Ташкенттеги жападан жалгыз арт-ресторан болуп саналат.