Тергөөнүн эрежелери
Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Динара Молдокулованын айтымында, кыргызда келин күйөөсүн жана анын туугандарын өзү барда да, жокто да атынан айтпай, башка сөз менен атаган. Мындай мамиле үй ээсинин жети атасына да тиешелүү болгон. Андан сырткары, бул ысымдар менен үндөш, окшош сөздөрдү да айтуудан оолак болуп келген.
Жаңы келген келинге улуу абысындары кимди кандай ат менен тергей турганын айтып үйрөтүшкөн. Келиндердин арасында кайнагаларынын ар кимисинин кесибине, сырткы келбетине, мүнөзүнө жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша коюлуп тергелген аты болгон. Бирок көзүнчө тергелген аты менен айтпай, жөн гана "аке", "аба" деп кайрылган. Ошондой эле келин ал үйгө бүлө болуп келгенге чейин төрөлүп калган наристелерди да атынан айтуусуна тыюу салынып, ал келгенден кийин төрөлгөндөрдү гана тергебей коё алган.
Тергөөнүн үлгүлөрү
- Сырткы келбети боюнча. Мисалы, "Узун бут аке";
- Мүнөзү боюнча. "Момун аке", "сылык аке"
- Кесиби же өнөрү: "Молдо бала", "Уста аке", "Ырчы уул"
- Жашаган жерине карата: "Көлдөгү эжем", "Чүйдөгү жеңем";
- Ысымына маанилеш сөздөр менен: Камчыбек – Шапалак;
- Балдарынын аты менен: "Асандын апасы";
- Күйөөсүнө карата: "балдардын атасы", "байым", "кожоюн", "абышка", "от ээси", "биздин киши", "жанагы", "кайнатамдын баласы".
Тергөө салтынын күнүмдүк жашоодо ээлеген орду
Бишкек гуманитардык университетинин профессору Тилектеш Ишемкуловдун айтымында, келин тергебесе кайын журтунун аброюн төмөндөтүп, зоболосун кичирейтип коерун белгиледи.
"Артист кыз", "депутат бала", "уй кыз"
Бүгүнкү күндө бул салт коомчулукта канчалык деңгээлде колдонулуп жатканын билүү максатында "кайын журтуңузду кантип тергейсиз же сизге жеңелериңиз эмне деп кайрылат?" деген суроо менен айымдарга собол узаттык.

Алтынай Нарбаева, КРдин эмгек сиңирген артисти: азыр деле кичине кызмын
— Көмүр саткан кайнимди "көмүрчү", Мамлекеттик каттоо кызматында иштегенин "госрегистр", россиядагысын "россия кайним" деп тергейм. Ал эми жеңерелим мени ушул күнгө чейин "кара кыз", "эрке кыз", "кичине кыз" деп тергешет. Алардын "кичине кыз" дегенин досторум угуп калса "дагы деле кичине кызсыңбы?" деп күлө беришет.

Гүлшайыр Садыбакасова, КРдин эл артисти: мени "уй кыз" дешчү
— Мени жеңелерим ушул күнгө чейин эле "уй кыз" деп тергейт. Ал эми келиндерим үйдүн улуусу болгонумдан улам "чоң эжем" деп алышкан.

Шаакан Токтогул, теле алып баруучу: жолдошумду "тапанча" дейм
— Мен кайын сиңдимди "кызыке", кичүү кайнимди "эрке", Нарынга турмушка чыккан кайнежемди "нарындык эжем", Жалал-Абаддагы кайнагамды "жалал-абаддык акем" деп тергейм. Ал эми жолдошумду "тапанча" деп алгам. Ал бою кичине, бирок жаны тынбаган зирек бала болгондуктан, атасы ушундай ат коюп койгон экен. Азыр ал атты мен колдонуп калдым.

Самара Каримова, ырчы: кайнимди "депутат", кайынсиңдимди "шеф" деп алгам
— Жолдошумдун сегиз бир тууганынын мүнөздөрүнө, кесибине жараша ат коюп алгам. Кайгуул милициясында иштеген кайнимди "милиция", айылдык кеңеште иштегенин "депутат", мугалим кайын сиңдимди "эжеке", бирөөсүн "Танюша", дагы бирин "шеф" деген аттар менен тергейм. Жолдошумдун аты Асан, ага "Аске" деген ат менен, дайым сиз деп кайрылам. Ошондой эле мени да жеңелерим үйдүн кенжеси болгонумдан улам "кичүү кыз", "кара кыз", "артист кыз" деп тергешет.