БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстанда үч жаштан беш жашка чейинки балдардын 80 пайызы бала-бакчалардын жетишсиздигинен улам ал жакка бара албайт. Бул тууралуу вице-премьер Чолпон Султанбекова өкмөт отурумунда билдирди.
Анын айтымында, бийлик буга чейин мыйзамсыз жеке тараптарга өтүп кеткен бала-бакча имараттарын кайтарып алуу аракеттерин көрүүдө. Учурда 1500 объект кайра мамлекетке алынды.
Ошондой эле Султанбекова Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду социалдык имараттарды артка кайтаруунун жолун иштеп чыгышы керектигин белгиледи.