Сүйүн мырза кино ишмерлери беш күнгө келгенин белгилеп, бул убакытта өлкөнүн кооз жерлерин анын ичинде кыргыз каскадерлорунун өнөрүн аларга көргөзүп калуу максатын койгонун айтып берди.
Ал эми болливуддун белгилүү продюсери, режиссеру, кино-маркетологу Амит Ар Агарвал журналист Гүлдана Талантбековага эмне үчүн Индия тасмасында ыр-бий көп болоору, саны көп тасманын сапаты жана эмне себептен каармандар мушташкан жерлери чындыктан алыстап кетээри тууралуу айтып берди.
— Сүйүн мырза, сөздү алгач сизден баштайлы. Меймандарды кандай тосуп алдыңыздар, жакшылап коноктоп жатасыздарбы?
Сүйүн: — Буюрса баары жакшы, меймандостугубузга баа берип отурушат. Уйдун этинен башкасын даамдашты. Этибизди жеп, шорпобузду ичишти. Беш бармак оор сезилди окшойт, көп жешкен жок.
— Амит мырза, кош келиптирсиз. Бизге келгендеги алгачкы сезимдериңиз кандай болду?
Амит: — Рахмат! Эң биринчи таасирленгеним бул адамдардын жанга жагымдуулугу болду. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген, позитивдүү адамдарды көп көрдүм.
— Эми тасмалар тууралуу сүйлөшсөк. Индия эмне үчүн кино тартканга көбүрөөк ашыгат?
— Индияда 50-70-жылдары кинонун алтын доору аталган. Ал убакта жүз кино тартылса жетимиш беши дүйнө жүзү боюнча популярдуу болгон. Көп тартканыбыздын себеби, бизде кино тармагы элдин эс алуусуна арналган тармак болуп саналат. Өзүбүз да тасмага жакын келебиз. Бизде "кинодо жаша, кинону ойлон, кинону жаса, кинону үйрөт" деген принцип бар. Маселен менин кино мектебимде эле эки миңге чукул адам тарбияланат.
— Жыл сайын сиздерде 2-3 миңге чукул тасма тартылаарын угабыз. Канчасы элдин купулуна толот?
— Ошол 3 миң тасманын 33 пайызы гана элге жетет. Мындайча айтканда миңге чукулу сатыкка чыгып, ийгиликтүү тасмалардын катарын толуктайт.
— Ыңгайы келгенде бизден кандай кино тартмаксыз?
— Кыргызстанда бардык жанрлардагы кинолорду тартса болот экен. Бирок мен өзүм романтикалык комедияга жакынмын, жашоодо күлүп жүргөндү жактырам. Ошондуктан ушул жанрда кино тартмакмын.
— Сүйүн мырза, ушул жерден сизге суроо бергим келип турат. Байкап жатсаңыз керек биздин кино жаратуучулар дагы комедиялык жанрга басым жасап жатышкандай?
— Бул суроо экөөңүздөргө тең багытталат. Амит мырза, эмне себептен Индия тасмаларында ыр менен бий сөзсүз болушу керек? Ансыз болбойбу? Анан Сүйүн мырза айтсаңыз, биздин кыргыз кинолорунун да өзгөчөлүгү ушунда деп эмнени айта аласыз?
Амит: — Индияда ыр менен бий ар бир тасманын өзөгү жана тасмалардын өзгөчөлүгү деп дагы айтсам болот. Биз ички сезимдерди, ойлорду ыр аркылуу билдиребиз. Эки каарман жолугуп ырдап калганы ошондон. Акыркы убактарда ырларды азайтып реалдуулукка өтүп баштадык.
Сүйүн: — Жакшы суроо экен. Тасмаларымда атайын кыргыздын өңүн берүү үчүн комузду же калпакты көрсөтүп калайын деген оюм жок. Окуя кандай болсо ошондой эле берип жүрөм. Тасманын жазылбаган мыйзамы боюнча оң каарман менен терс каармандын ортосунда конфликт, көйгөй, сүйүү болушу керек. Мен ушундай нерселерди эске алам.
— Амит мырза, сиздердин тасмада мушташкан, жулмалашкан жерлерде каармандардын буту-колу тие электе эле кулап, жыгылып кетет. Бул ашыкча эмеспи?
— Мурун чындыгында мындай тасмалар абдан көп болчу. Себеби элди көп ойлонтпой эле, кандай гана нерсе болбосун ашыгы менен көрсөтүп салчубуз. Мындайча айтканда көрөрмандын оозуна тамакты салып берчүбүз. Бирок азыр кино сүйүүчүлөрдүн табити башка. Соңку тасмаларыбыз реалдуулукка жакын.
— Сүйүн мырза, жеке өзүңүз меймандардан кино жагынан кандай тажрыйба ала алдыңыз?