БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Атактуу комузчу Шекербек Шеркуловду эскерүү кечеси өтө турганын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 27-январда саат 10:00дө Токтогул атындагы адабий жана искусство музейинде болот. Эскерүү кечени Бишкектин мемориалдык музейлер бирикмеси уюштуруп, ага өнөрпоздор менен студенттер катышат.
Шекербек Шеркулов 1902-жылы Таласта төрөлүп, 20-кылымдагы көрүнүктүү өнөрпоз, төкмө акын, ырчы, комузчу болгон. Ал 1970-жылы көз жумган.