БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Учак кырсыгынан жабыркагандар үчүн ӨКМ тарабынан ачылган эсепке 20 миллион 138 миң 400 сом 40 тыйын чогулганын аталган министрлик билдирди.
Эскерте кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонкогдон Стамбулду көздөй келе жаткан Boeing-747 учагы "Манас" аэропортунан май куюу үчүн токтогонго аракет кылган учурда Дача айылына кулап, кырсыктан 39 кишинин өмүрү кыйылган.
Бизнес коомчулук, жеке тараптар, министрликтер менен ведомстволор жана башка каалоочулардын бардыгы төмөнкү реквизиттер аркылуу каражат которо алышат:
- Эсеп номери 4407012100007868 КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы
- БИК 440001, Эсеп коду 14238900.
- Ош шаары Моминов көчөсү, 11 ОКПО 22710535 ИНН 00103200110150 Код УГНС 032
Мындан тышкары, ӨКМ атайын эсепке министрликтин финансыны башкаруу жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Эргешов жоопкер экенин белгиледи. Аны менен 0770 022 022, (0312) 54 79 01 телефондору аркылуу байланышууга болот.