Дача айылындагы кадимки тиричилик

Жазылуу
Дача айылында 450гө чукул эл жашайт. Бул жерде мектеп, медпункт, дарыкана жана балдар бакчасы жок.

Өгөйлөнгөн "айыл"

Авиакырсыктан көз жумган кыздардын апасы Махбуба: төрт кызым тең бизге буйрубаптыр - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан көз жумган Адинай менен Мадинанын апасы: төрт кызым тең бизге буюрбаптыр
"Манас" аэропортуна чукул жайгашкан Дача айылы он көчөдөн турат. Жергиликтүү тургундардын айтымында анда 450гө чукул түтүн бар. Айылга айланганга чейин бул жердеги дачаларга аэропортто иштегендер эс алууга келишчү. Бирок 1990-жылдардан тарта дачалар элге сатылып, анын жанындагы жерлерге кызыл китеп бериле баштаган. Андан бери 17 жыл өтүп, эл мал-жандык кармап отурукташып калган.

Туратбек Токторбаевдин бул жерге көчүп келгенине 15 жылдын жүзү болду. Ал үй-жай салып үч баласы менен жакшынакай оокатын кылып келет. Тургундардын башкы көйгөйү өгөй бала сымал айылдын эч жерде катталбаганы. Мындан улам бул жактагылар шайлоолорго катыша албай келет.

"Биздин айылга статус берип коюшса жакшы болот эле. Документке келгенде эле катталган, катталбагандыгын сурашат. Шайлоолорго катыша албайбыз. Айылда мектеп жок болгондуктан балдар коңшу Манас айылына барып окушат. Ал жактан да мектеп жетекчилиги баш болуп "Дачанын балдарын албагыла" деп бөлүп турушат. Кызыл китеп бар болгону менен статус болбосо баары эле өгөйлөй беришет экен. Манастын поликлиникасына барып калсак каттоого оңой менен алышпайт ", — деди Токторбаев.

Айылда мектеп, медпункт атүгүл дарыкана жок. Көзгө басар бир-эки дүкөн гана бар.

"Арзанчылык"

Дачада батирде тургандар көп. Үйлөрдүн кожоюндары жайкысын эс алышып, кышкысын батирге берип коюшат. Үйлөрдү салып коюп чет жакта иштеп жүргөндөр да жок эмес. Шарты жок бир бөлмөлүү батирди 2000 сомго тапса болот.

Шаардын кымбатчылыгынан качып, төрт баласын жалгыз баккан Махабат Алаканова бир бөлмөлүү батирде жашап, дүкөндө сатуучу болуп иштейт.

"Жолдошум өтүп кеткенден кийин төрт баламды алып Кочкордон келгем. Шаардан ижарага батир алып жашаш мен үчүн кыйын болду. Баалары бери дегенде эле 5000 сом. Анан төрт балам дагы бар. Буларды мектепке берип, окутуш керек. Бул жактагы жашоо салыштырмалуу арзанырак. Батирге 2000 сом төлөп жашайм. Балдарым кошуна айылга барып окушат. Бирок андагы поликлиникага каттатышпайт",— деди Махабат. 

Алыс мектеп

Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан
Дача айылынын тургуну: энесин издеген эки бала жылаңач чуркап жүрүптүр
Балдар Манас айылындагы "Ат-Башы" орто мектебине барышат. Ата-энелер атайын автобус уюштурушканы менен кышында бузулуп калган учурлар кездешет. Ошондо балдар кичи автобуска 20 сом төлөп окууга жөнөшөт.

"Биз мектепке автобус менен барабыз. Ага айына 300 сомго билет алып коебуз. Кээде кышкы суукта жүрбөй калат. Анда биз чоңдордой эле маршруткага 20 сомдон төлөп барабыз", — деди 3-класстын окуучусу Ислам.

Эл катары жашоо

Айылда электр энергиясы маселе жаратпайт. Анткени бул жерде дачалар курулуп жатканда шарттар ошого ылайыкташкан. Ал эми суу маселеси кышында көйгөй жаратат. Күн ызгаарда түтүктөр тоңбошу үчүн суу айыл этегинен гана чыгып, эртең менен жана кечке жуук бир маал гана агат. Ошол учурда айыл эли суу ташып, мал сугарып алганга үлгүрүшөт.

"Кыштын күнү суу эки маал берилет. Бул учурда баарыбыз үйлөрүбүзгө суу ташып алабыз. Ал эми жайкысын ар бир үйдөн чыгат", — деди айыл тургуну Кыялбек Ажалиев.

Мындагы элдин көпчүлүгү аэропорттун ар түрдүү жумуштарында эмгектенишет. Көп жылдан бери жашап жүргөндөр бала-бакырасын ушул жерден үйлөнтүшкөн. 

Артында 7 жашар уулу гана аман калган үй-бүлө жерге берилди - Sputnik Кыргызстан
Артында 7 жашар уулу гана аман калган үй-бүлө жерге берилди
"Элдин жашоо шарты жаман деп эч убакта айтпайм. Үй десе үйүбүз, алдыбызда унааларыбыз бар. Балдарыбыз аэропортто иштешет. Иштегени иштеп, калганы үйлөрүндө мал карап, кадимки айыл жергесиндегидей эле жашоо. Бир эле көйгөйүбүз — статустун жоктугу. Айрымдар бизди эптеп-септеп эле самандан үй салып алышкан деп шылдыңдашат. Үйлөрүбүз чоңдордукундай заңгырабаса дагы Кудайга шүгүр. Биз ушул жерден агарып-көгөрүп, туяк уланттык", — деди айыл тургуну Айнагүл Усенова.

Дача айылынын эли ынтымакташып жашап калгандыктан башка жакка көчүп кетүү азырынча ойлорунда жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0