БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ӨКМ жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алып, Дача айылындагы учак кырсыгынан жабыр тарткандарга берилип жаткан жардам тууралуу кабар алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонкондон Стамбулду көздөй келе жаткан Boeing 747 "Манас" аэропортунун жанындагы Дача айылынын үстүнө кулап түшкөн. Кырсыктан 38 адамдын өмүрү кыйылып, 16 киши жабыркаган.
Боронов өлкө башчыга издөө-куткаруу иштери аяктап, кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери башталганын билдирди.
Президент оңдоо жана калыбына келтирүү, ошондой эле муктаждарга тийиштүү жардам көрсөтүү иштерин активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.