БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын жака-белинда кыйраган учак кырсыгына байланыштуу мамлекеттик кызматта иштегендер бир күндүк маянасын которушууда.
Маалыматка ылайык, КР ИИМ Академиясынын кызматкерлери бир күндүк айлыгын каза болгондордун жакындарына жардам катары бөлдү. Учурда академияда 300дөн ашык кызматкер иштейт. Ошондой эле жардам бергендердин катарында Билим берүү жана илим, Экономика министрлигинин кызматкерлери да бар.
Эске салсак, эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 23 үй бузулган.
Бүгүн, 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.