БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги тест кызматын сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, министрлик аталган тест кызматын 2017-2019-жылдар аралыгында абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү үчүн алганы жатат.
Билим берүү министрлиги бул кызматка 44 миллион 305 миң 600 сом сарптоого даяр.
Тендер 13-январда жарыяланып, мөөнөтү 3-февралда аяктайт.