БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандык кинорежиссер Ника Жолдошева Бангладештин Дакка шаарында боло турчу эл аралык кинофестивалда калыстык кыла турганын "Айтыш-фильм" киностудиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган эл аралык иш-чара 12-20-январда өтөт. Ал Rainbow Film Society уюмунун колдоосу менен ишке ашып, Бангладеште кино маданиятын жайылтууну максаттайт.
Быйыл аталган кинофестивалда дүйнө жүзүнөн келген 170дөн ашык түрдүү жанрдагы тасмалар калыстардын сынына коюлат.
Кыргызстандын атынан бул фестивалда Эрнст Абдыжапаровдун "Кекеч", Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" жана Нурлан Абдыкадыровдун "Кыргыз-казак бир тууган" тасмалары көрсөтүлөт.