Ак-Талаа: 9 карышкыр тегеректеп келгенде мылтыгым от албай калды

© Фото / Гулдана ТалантбековаОхотник Нурдин Бекмаматов из Ак-Талаа
Охотник Нурдин Бекмаматов из Ак-Талаа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ача туяктуулар байырлаган жердин азабы, тишинен баштап терисине чейин далай оорунун дабасы, анан да терисин сыйрып жатса көк беттенип былк этпей турганын айт булардын. Карышкырдын сүрү жана сыры тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова элет жергесине барып билип келди.

Ак-Талаа районунун тургуну, көп жыл бою мергенчиликти аркалап карышкырларды үрүп чыккан итиндей кабыл алган Нурдин Бекмаматов менен көк жалдын табияты тууралуу кеп кылдык. 

— Январь айынын ортосунда карышкырлар үйүгүшүп баштайт экен, алардын төлү тууралуу айта кетсеңиз. Анан бөлтүрүктөр үрүп калганда мергенчилер "баш тоголотуу башталат турбайбы" деп кейип калат экен. Бул эмне деген түшүнүк? 

— Карышкырлар январдын орто чени менен үйүгүшүп үч жарым айдан кийин апрелдин ортосунда төлдөйт. 3-4 бөлтүрүк тууйт. Карышкырлар 15 жылга дейре жашашат. Ургаачысы эки жылда, эркектери үч жылда тукум улоого жарап калышат. 

Волк Рагдай - Sputnik Кыргызстан
Карышкыр менен кармашкан баланын атасы жалгыз ок менен уулун сактап калды
Карышкыр жаңы туулган бөлтүрүктөрүн жеген жемин кусуп берип багат. Жаздын күнү бөлтүрүктөрү ийинден чыгып үрүп калган маалда карышкыр тайларга кол салып, башын тиштеп, тоголотуп алып келип берет. Ошондон улам "баш тоголотуу" маалы деп коет. Бөлтүрүктөр башты тоголотуп ойноп, жемин кекиртектеп жегенди үйрөнүшөт. Чоңдор ээрчитип алганда тигилер бир аз тажрыйба топтоп калат. Кулундун башы жоголду дегенде "аа баш тоголотуп жаткан турбайбы" деп дароо түшүнөбүз. 

— Эмнеге башка бодо малга караганда жылкыга өч келет?

— Анткени жылкы баласы ишенчээк болот. Карышкыр жылкыга тиердин алдында жерге оонап, жанына шыйпалактап келип эркелейт. Анан жылкы байкуш ат экен деп жыттаганда эки алдыңкы колу менен кекиртектен алып, эки арткы буту менен омуроону тээп азуу тиши менен күрөө тамырын кырчып салат. Анан жылкы темтеңдеп барып жыгылат. 

Карышкыр субай, бышты, байтал, кунандарды көп жейт. Себеби алар карышкырды көргөндө бириндеп качат. Тубар бээлер менен айгырлар алдыга чыгып өзүнө жакын жолотпойт. Чоң бээлер болсо кунан, тайларын ортого киргизип, аларды тегеректеп туруп алышат. Мындайча айтканда жылкы деле коргонот. 

Ал эми уйдун биринчиден мүйүзү бар. Көбүрөөк карышкыр болсо жарга көчүгүн такап, мүйүзү менен сүзгүлөп өкүрүп-бакырып атып алдырбайт.

Майда жандыкты карышкыр чекесинен жайлап кете берет. Ошондуктан булар табиятынан "миңди жайлап, бирди жейм" деген принципти карманышат. 

— Карышкырлардын көбүнчө үйүрү менен жүргөнүн билебиз. Баш пааналаган жайы болобу?

Кочкор: кышы бою малды жеген карышкырды атып, бөлтүрүгүн тирүү кармап алышты
— Бөрү кыр-кырлап жүрөт. Бир түндө тогуз кыр ашат. Бүгүн бул жактан көрсөң, эртең башка жактан жолуктурасың. Карышкыр төлдөгөндө бөлтүрүктөрү менен ийининде болот. Маселен арчанын түбүндө же киши барбаган жакка барып төлдөп, бөлтүрүктөрүн катат. Адамдын жытын билип калган аймак болсо экинчи жолобойт. Булар укмуштуудай көк бет болушат. Бир мисал менен түшүндүрө кетейин. Эгерде карышкырды кармап алып тирүүлөй терисин сыйрыса, ал кыңк этип да койбойт. Кызыл эт кылып кое берсең онтолоп жерге жатып эмес, колдон келишинче тик туруп же отуруп өлгөндү артык көрүшөт. 

— Карышкыр деле оңой менен аттырбаса керек. Кандай ыкмалар менен колго түшүрөсүздөр?

— Биз капкан койбой эле, мылтык менен тегеректеп атабыз. Карышкырга чыгардын алдында бизде топ түзүлөт. Маселен он киши болсо алар экиге бөлүнөт. Даярдыктан өтүп мыкты мергенчилерди тандап алабыз. Күн мурун карышкырдын багытын аныктайбыз. Экиге бөлүнгөн топ карышкырлар тоо тарапта боло турган болсо таң атып кете электе кырды тосушат. Айрымдар кар менен кар болуп аппак кийимдерди кийип алышат. Бирок карышкыр жытты алыстан эле шумдук сезет. 

— Карышкыр адамга кол салышы мүмкүнбү?

— Кичүү иним мындан бир нече жыл мурун тоо тарапка жылкыны толуктайм деп барганда тогуз карышкырга кабылыптыр. Мына жакындаганда мылтыгы от албай осечка берип, экинчи огун салгычакты карышкырлар тарам-тарам тогуз жакка качыптыр. Алар иттей болуп биригип алып чуркашпайт. Ач карышкыр кишини жегенден кайра кайтпайт. 

© Фото / Гулдана ТалантбековаАтылган карышкырлар
Охотник Нурдин Бекмаматов из Ак-Талаа - Sputnik Кыргызстан
Атылган карышкырлар

— Карышкырлардын көк жалы дегенди угуп калабыз…

— Бул бөрүлөрдүн эр жүрөгү жана үйүр башчысы болуп саналат. Үйүр башчынын көз карашынан эле кол астындагылар сезип турушат. Өзүнө жакпаган бөрүлөрдү жини келсе тытмалап туруп, калгандарына жем кылып берет. Жол көрсөтүп, үйүр ичиндеги мыйзамдарды сактаганы, бөрүлөрдүн кадырбарктуусу — дал ошол көк жал.

— "Карышкырдай улубачы" деп коюшат эмеспи. Алар кайсы убакта улушат?

— Карышкырлар бири-бирин чакыруу же бир маанилүү белги бергенде улушат. Мисалы түн ичинде малга кол салууга чогулганы жатканда улумайлары башталат. 

— Карышкырдын кандай пайдалуу жактарын айта аласыз?

Пользователь Facebook Акылбек Дуйшембиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сардар Дүйшөмбиев: курал колдонбосок жаныбарлар адамга жакын болчудай
— Экологияга тийгизген таасирин белгилеп кетсек болот. Жайдын ысыгында өлүп калган коен, суур, кийиктерди вирус таратпай жеп жок кылат. Союздун учурунда мал чарбачылыгына кызыл карышкырларды пайдаланышчу. Себеби ошол жерде ооруган чабал койлорду тазалап турган. Кызыл карышкырдын ошого эле алы жеткен.

Адам чарбалыгына тескерисинче чыгым алып келет. Биз мал-жан деп жашаган элбиз. Малдын туягын санап күн көргөн убакта карышкырдын курсагына кеткен малга ичиң ачышат.

Карышкырдын дартка дабакерлиги

Ата-бабалардан калган ырым-жырымдар элибизде аз да болсо колдонулары анык. Айтылуу карышкырдын эти, боору, териси, тиштери кандай ооруга пайдалуу экенин Баетов айылынын тургуну Гүлбү Жапарсадыкова ападан сураштырып көрдүк. 

  • Өтү менен боорун катырып туруп сууга эзип итий болгон балдардын жети мүчөсүнө тийгизип, жети күн дубалаган. Майын болсо муун ооруларына пайдаланып жүрүшөт. Керек болсо төрөбөгөн кыз-келиндер карышкырдын жатынын пайдаланышат. 
  • Карышкырдын кыркка чукул тиши болсо, анын төрт азуу тиши гана жарамдуу жана баалуу болуп саналат. Тиштерин жүрөк түшкөндө же бала кайраттуу болсун деп аны эмдеп-домдогондор чүпүрөккө түйүп катып койгон. Айрымдар аксессуар катары тумар чийдирип, буту-колго тагынып жүрүшөт. Мындан сырткары, чүкө менен тырмактарын тагып берип бөрү жатыштан айыктырышкан. Негизи эле тишин, чүкөсүн, тырмактарын кара күчтөн, терс энергиядан сактайт деп тагынып алышат же үйүнө, машинесине илип коюшат. 
  • Терисин ичик кылып, буту ооругандар бут кийим тиктирип кийишет. Көп учурда үйгө душмандардан сактайт же азыркы түшүнүк боюнча үйлөргө кооздук үчүн илип алышат. Колу билгендер терини кадимкидей айран, сүт менен ашатышат. 
  • Азыр этин кургак учук менен ооругандар кеңири пайдаланып жатканын угуп калам. Негизи эти абдан күчтүү болот. Этин биринчи сууга кайнатып ийип, анан кууруп жешет. 
  • Мурун эл оозунан "карышкырдай тырышып кал" деген сөздөрдү угуп жүрсөңүздөр керек. Илгери мал уурдагандардын жазасын берүү үчүн колдонушкан. Карышкырдын тарамышын бурап тарткыласа же тарамдап түтөтсө уурунун тарамышы түйүлүп оорукчан болуп калат деген түшүнүк жашап келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0