БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. "Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупованын мандаты Дүйшөн Төрөкуловго берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Дүйшөн Төрөкулов кечээ, 6-январь күнү депутаттык мандатка ээ болгон. Эми келээрки аптада парламентте ант берет.
Дүйшөн Төрөкулов буга чейин Ош шаардык Дене тарбия, спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген.