Жакупова Чолпон Идиновна. Өмүр баяны

Жазылуу
Чолпон Жакупова 1959-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стрельников айылында туулган.

1982-жылы Москва мамлекеттик университеттин тарых факультетин, ал эми 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин саясат тарыхы кафедрасында окутуучу болуп иштөөдөн баштаган.

 

  • 1983-1984 – Кыргыз мамлекеттик университеттин саясат тарыхы кафедрасында окутуучу;
  • 1983-1986 – Кыргыз мамлекеттик университеттин аспиранты;
  • 1986-1990 – Кыргыз мамлекеттик университеттин КПССтин тарыхы кафедрасында окутуучу;
  • 1990-1995 – Кыргыз мамлекеттик университеттин гуманитардык факультеттин окутуучусу;
  • 1995-1999 — Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин миграция департаментинин директору;
  • 1999-2002 — "Миграция жана качкындардын маселелери боюнча регионалдык борбор" коомдук фондусунун директорунун орун басары болгон.
  • 2002-2015 — "Адилет" укуктук клиникасы коомдук фондусунун директору;
  • 10.2015-12.2016 — КРдин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Бир бол" парламенттик фракциясынан депутат.

 

Тарых илимдеринин кандидаты, 2 монографиянын, 7 окуу китебинин жана адам укуктары боюнча 9 жыйнактын автору.

Жесир, эки баланын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0