БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Пакистанда моторлуу эки рикшаны темир жолду кесип өтүп бараткан жеринен поезд кагып кетип, жети окуучу каза болгонун Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда кырсык бүгүн эртең менен Лодхран шаарынан алыс эмес жайгашкан Пенджаб провинциясында болгон.
Полиция өкүлү Джавед Ахмеддин айтымында, коюу тумандын айынан арабалардын айдоочулары келе жаткан поезддин анык ылдамдыгын биле алышкан эмес. Ошондой эле ал кесилишке шлагбаум коюлбаганы кабарланды.
Кырсыктан дагы беш бала жана айдоочулардын бири жабыр тартты.