Элмира Шерипова: жаңы жыл түнү өлкө аймагында ири өрт кырсыктары катталган жок
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова жаңы жыл түнү өлкө аймагында ири өрт кырсыктары катталбаганын маалымдады.
"Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 6, Ош менен Жалал-Абад облустарында төрттөн өрт кырсыгы катталды. Ал эми Ысык-Көлдө эки өрт чыккан", — деди Шерипова.
Ошондой эле фейерверктен улам эки өрт чыккан. Өлкөдө катталган өрт кырсыктарын өчүрүүгө 26 өрт өчүрүүчү машина тартылган.