19-декабрда Анкарада Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду көргөзмөнүн ачылыш аземинде атып кетти. Ал 1954-жылы Москвада төрөлгөн, 63 жашта эле, эне тилинен тышкары корей, англис тилдерин жакшы билген. Кырк жылдан бери Россиянын Тышкы иштер министрлигинде жана ага караган ведомостволордо иштеп келген. Демек, бүтүндөй өмүрүн тышкы дипломаттык кызматты аркалоого багыттаган профессионал болчу. 2013-жылдын июль айынан берүү Россиянын Түркиядагы элчиси эле…
Россия, Түркия, Иран – үч мамлекеттин коргоо жана тышкы иштер министрлери Москвада Сириядагы кризисти талкуулап, андан чыгуунун жолдорун чогуу-чаран чечүү жагын бир күндөн кийин карашмак.
Ал "Алеппону эстегиле, Сирияны эстегиле! Биз силерге тынчтык бербейбиз! Бизди өлүм гана токтотот! Биз Алеппонун үстүндө өлөбүз, а сен бул жерде өлөсүң!" деген сөздөрүн арабча, түркчө айтып айкырган. "Аллах акбар!" деп кайра-кайра кайталаган.
Элчини ай далыдан келип аткан Мевлют Мерт Алтынташ Измирдеги полициячылардын окуу жайында билим алган, 22 жаштагы профессионал полицей экен.
Мына ушул окуя дүйшөмбүдөн бери дүйнөнү дүрбөлөң салууда. Чаламандын чак түшүндө, көпчүлүктүн алдында, бир ири мамлекеттин ордо калаасында элчини атып салат деген эмне? Кыргыздар байыркы убактан бери эле "элчи менен ырчыга өлүм жок" деп келет.
Бука ырчынын угузуусу мындайча:
Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты, Айханым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты, Айханым.
Алтын така, күмүш мык
Дулдул качты, Айханым
Алтын туур ордунан
Туйгун качты, Айханым.
Алтын ордо багынан
Булбул качты, Айханым.
Деңиз толкуп чайпалып,
Көл бөксөрдү, Айханым.
Терек түптөн жулунуп,
Жер бөксөрдү, Айханым…
Мына ошондо каардуулугу, залимдиги менен даңкы чыккан Айхан баарын түшүнүп Бука ырчыны "элчи менен ырчыга өлүм жок", "кет-кет" деп узаткан экен.
Эми тарыхта калган кыргыз элчилерине келсек: Элтебер Ишбара ажо 643-жылдан 37 жыл бийлик жүргүзгөн, 648-жылы Таң империясынын борбору Чаң-Ан (Чанъань, азыркы Сиан) деген жерге иш сапары менен барып, император атайын кабыл алуу уюштурган, Ишбара Шайжо Баш эркин 722-жылдан бир гана жыл эл башы болот, ал башка түрк кагандары менен кошо Таң падышачылыгынан ордосуна барат, падыша аны өзгөчө сыйлап, "ноён сангун" наамын берет. Бойла Кутлук жаркан 822-жылдан 863-жылга чейин такта отурган каган, анын ээлигине Эне-Сайдан баштап, Тянь-Шань, Памирге чейинки кеңири аймак кирген. Айрымдар Яглакар каган ушул киши болушу керек дейт. 840-жылдан тартып жети жылда Таң императору менен 15 жолудан көп мертебе кат жазышкан, ал каттары азыр да сакталуу. Ошол жети жылда Кытай падышасына үч жолу элчи жиберет. Анын бири 843-жылга таандык. Анда Жоокусол баш болгон 300 элчи Таң дөөлөтүнүн борбору Чаң-Анга куш, тайган сыяктуу тартуулары менен барат. Ошол элчилерди падыша сүрөткө чийдирет, ордо бүтүкчүсү Лү Шу "Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары" деген китеп жазат. Китепке аалым-вазир Ли Дийү баш сөз да жазган экен. Таң императору Бойла Кутлук жаркан, же Яглакар каганга 847-жылы элчи жиберип, "Бабасынан бери акылман, баатыр каган" деген наам тапшырган.