БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн саат 16:00дө Бишкек шаарында дзюдо боюнча эл аралык турнир башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
"Хан Манас" аталышындагы турнир 3-4-декабрь күндөрү "Арча-Бешиктеги" жаңы курулган спорт комплексинде өтөт.
"Мелдешке Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Афганистан, Азербайжан, Түркия, Монголия, Пакистан, Түркмөнстан, Түштүк Корея жана Кыргызстандын 400гө чукул спортчулары катышат", — деп жазылат маалыматта.
"Хан Манас" турнири ушуну менен жетинчи ирет өтүп жатат. Өткөн жылы командалык жарышта казактар алдыга ат салдырган эмес.