Өлкөнүн бардык аймагындагы реабилитациялык борборлорго жылуулук берилди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДетский дом в Великом Новгороде
Детский дом в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реабилитациялык борборлордун ичи жылуу экенин Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы бардык реабилитациялык борборлордо жылуулук берүүдө маселе жок экенин министрликтен билдиришти.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Токмок шаарындагы социалдык объектилерди кыдыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Премьер Токмоктогу Балдар үйүнө барып, жылуулук берилгенин текшерди
Министрликтин карамагында 250 орунга ылайыкташкан үч борбор бар. Алар Бишкек жана Оштогу балдардын жана үй-бүлөлөргө ылайыкташкан реабилитациялык борборлор жана Токмоктогу балдыр үйү. Андан сырткары медициналык реабилитациялык беш уюм, бир санаторий жана өлкө аймагында эки бөлүмү бар.

Саламаттык сактоо министрлиги Токмоктогу балдар үйүнө 24-ноябрдан тарта жылуулук толук берилгенин кошумчалады. Учурда бөлмөдөгү температура 20-24 градус.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Токмоктогу балдар үйүнө барып, бөлмөдөгү температура 16 градуска чейин экенин видеого тартып алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0