БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Референдумга катышуучулардын тизмесине катталбай калган жарандар үчүн, тизмеге өз атын киргизүүгө ушул ишемби күнү аяктайт.
Мурдарак Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды шайлоого катышуучулардын тизмесинде бар же жок экенин 26-ноябрга чейин комиссиянын атайын сайтынан текшерүүнү билдирген.
БШКнын акыркы маалыматтарына караганда, учурда 2 миллион 813 миң адам тизмеге кирген. Ал эми 987 миң киши биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек.
11-декабрь күнү Конституцияга толуктоолорду киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Шайлоо үчүн 1 902 участок, референдумга — 2 700 участок (35и чет өлкөлөрдө) ачылат. Бул айырмачылыктын себеби ушул жылдын жаз айларында жергиликтүү кеңештердин 27сине депутаттарды шайлоо болгонуна байланыштуу деп билдирди БШК.