БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Шайлоо процессине катышкан шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги күчөтүлөт. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Демилгенин автору депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда шайлоо тартибин бузуулардын алдын алууга, аларды болтурбоого жана жазалоого көмөктөшө турган мыйзамдык чаралар сунуш кылынып жатканын билдирди. Ал үчүн Кылмыш-жаза кодексине жана Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө.