БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы ант берип, аземге президент Алмазбек Атамбаев катышты.
Өкмөттүн структурасы мурунку калыбында калганы менен курамы өзгөрдү. Ага ылайык, алты министр менен бир вице-премьер алмашты. Ал эми бүгүн, 17-ноябрда премьер-министр баштаган бардык министрлер ант берди.
Эске салсак, парламенттеги көпчүлүк коалиция тарагандыктан өкмөт отставкага кеткен. Президент көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына берген. Жаңы коалициянын катарына КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирди.