БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрынан 16-ноябрына чейин Токиодо өткөрүлгөн балдар арасындагы оор атлетика боюнча чемпионатка катышкан кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков коло медалга ээ болду. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматы билдирди.
Мелдешке Кыргызстандын курама командасынан 4 спортчу катышкан.
Кыргызстандык жаш спортчу мелдеште юниорлор арасындагы 94 салмак категориясында штанганы "жулкуп көтөрүп" 3-орунду камсыз кылган.
Расулбековдон тышкары аталган таймашка Кадырбек Айтпеков, Раушан Чолпонбек кызы жана Азиза Адылбек кызы да катышкан.
Эске салсак, аталган чемпионат 2020-жылы Японияда өткөрүлө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өтүүдө.