Элмира Шерипова: тоолордо 20 градуска чейин суук болот
Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу ашууларында абанын температурасы 20 градуска чейин төмөндөй турганын ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.
Анын айтымында, 16-17-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
"Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар токтоп, тоскоолдуктарды жаратат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүлөрү пайда болот", — деди ал.
Шерипова белгиленип жаткан туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындата турганын эскертти.