БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. АКШда мусулмандарга болгон жек көрүүдөн улам жасалган кылмыш бир жылда 67 пайызга көбөйгөнүн РИА Новости агенттиги АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун шейшемби күнү жарыялаган отчетуна таянуу менен билдирди.
Анда айтылган маалыматтарга караганда, 2014-жылы 154, кийинки 2015-жылы 257 кылмыш катталган. Ал эми 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактыдан кийин 481 кылмыш жасалган.
Федералдык иликтөө бюросунун маалыматына караганда 2015-жылы жек көрүү негизде жасалган кылмыштардын көбү расага байланыштуу болгон.
Афроамерикалыктардын 52 пайызы кылмыштын курмандыгы болсо, актар — 19 пайыз, латын америкалыктар 9,3 пайызды түзгөн.