БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Багдаддын түштүгүндө террорчулардын кол салуусунан сегиз адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берип жазган.
Окуя Айн ат-Тамр аттуу калктуу конушта катталган. Жай тургундарга алты жанкечти кол салып, көз жумган сегиз адамдан тышкары алты киши жабыркаган.
Жанкечтилер окуядан соң өздөрүн жардырып жиберишкен.