Партиялардын тизмесинин биринчи ондугу — Бишкек шаардык кеңешине талапкерлер

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо жыйынтыктарын саноо. Архив
Шайлоо жыйынтыктарын саноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо 11 –декабрда өтөт. Партиялар чучукулак кармап катар номурларын бөлүштүрүп алышкан. Шаардык кеңештеги орундар үчүн 14 партия ат салышууда.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын маалымат кызматы Бишкек шаардык кеңешине партиялардан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин жарыялады. 

11-декабрда жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоолор өтөт. Шаардык кеңештеги 45 орунга 14 партия ат салышууда. Чучукулакка ылайык, ар бири өз номурун алды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар бир партиянын алдыңкы 10 талапкери менен таанышып алууну сунуштайт. Тизме катар номуру боюнча берилди. 

"Таза Кыргызстан" саясий партиясы:

  • Бермет Уржанова, "Мастер домофон" ЖЧКнын директору;
  • Аднан Жабраилов, теннис жана паралимпиадалык спорт боюнча Балдар жана өспүрүмдөрдүн атайын олимпиадалык резерв мектебинин директору; 
  • Любовь Ардамина, убактылуу иштебейт. БШКнын экс-депутаты;
  • Доолотбек Сапаралиев Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору;
  • Аркадий Гладилов, журналист;
  • Калдан Эрназарова, партиянын төрагасынын орун басары;
  • Евгений Катулевский, Мергенчилер коомунун төрагасы;
  • Эдиль Тотуев, "Нуристан" ЖЧКнын өнүктүрүү менеджери;
  • Эльмира Молдокулова, №49 мектебинин мугалими;
  • Алмаз Чотуев, "Кипригель" ЖЧКнын менеджери;

Тизмеде жалпы 69 талапкер. 

"Актив" саясий партиясы:

  • Курманбек Иманалиев, жеке адвокат;
  • Султан Алишев, жеке ишкер;
  • Жумайым Ахметова, жеке адвокат;
  • Андрей Бульба, пенсионер;
  • Каныкей Кудакеева, убактылуу иштебейт;
  • Жаныбек Курманбек уулу, убактылуу иштебейт;
  • Павел Боровиков, убактылуу иштебейт;
  • Анна Баклынкова, убактылуу иштебейт;
  • Кадырбек Таргылов, пенсионер;
  • Айгүл Мамбеткадырова, пенсионер.

Тизмеде 70 талапкер катталган.

"Улуу Кыргызстан"саясий партиясы:

  • Улан Эсенкожоев, убактылуу иштебейт;
  • Данияр Чормошев, "Мусулман Бизнес Форум" уюмунун директору;
  • Лаура Омуралиева, жеке ишкер;
  • Олег Подобедов, "Континент Принт" ЖЧКсы;
  • Айбек Мукамбетов, "Балнур" ЖЧКнын генералдык директору;
  • Венера Бообекова, убактылуу иштебейт;
  • Анарбек Калбаев, "7 Сейм" ЖЧКнын директору;
  • Рахат Тургунбаев, "Грейн Групп" ЖЧКнын генералдык директору;
  • Аяна Алсеитова, "Интербилим" долбоорунун ассистенти;
  • Бердигул Султаналиев, убактылуу иштебейт;

Тизмеге 80 талапкер кирген. 

"Республика – Ата Журт" саясий партиясы:

  • Канатбек Мидин уулу, Жогорку Кеңештеги фракция секретариатынын башкы адиси;
  • Алексей Петрушевский, "Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо" борборунун директору;
  • Гүлнара Молдобаева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Канатбек Музуралиев, "Манас" эл аралык аэропортунун Бишкектеги филиалынын бөлүм башчысы;
  • Толкунбек Исаков, "Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү" фондунун президенти";
  • Лейла Лурова, "ЛБС Милк Продакшн" ишканасынын директору;
  • Казыбек Эргешов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Эрмек Ниязов, "NSP" ЖЧКнын директорунун орун басары;
  • Элюбала Байпакбаева, "Тазажан" ЖЧКнын директору;
  • Байсалбек Эргешов, жеке ишкер.

Тизмеге 80 талапкер кирген. 

Кыргызстандын "жашылдар" саясий партиясы:

  • Тлеухор Бошумова, "Табигат" коомдук бирикмесинин төрагасы;
  • Уланбек Дүйшөналиев, убактылуу иштебейт;
  • Кундуз Рысалиева, убактылуу иштебейт;
  • Турсунай Шарапов, "Трасса" уюмунун башкы директору;
  • Индира Шералиева, убактылуу иштебейт;
  • Николай Макаров, убактылуу иштебейт;
  • Мария Сологуб, убактылуу иштебейт;
  • Нургазы Анаркулов, "Майдан KG" гезитинин башкы редактору;
  • Лоджеза Дуваза, убактылуу иштебейт;
  • Самсаалы Четимбаев, убактылуу иштебейт.

Тизмеге 96 талапкер кирген. 

Кыргызстандын элдик-демократиялык саясий партиясы:

  • Артур Медетбеков, партиянын төрагасы, УКМК төрагасынын мурдагы орун басары; 
  • Вадим Неронов, партия секретариатынын башчысы;
  • Калича Умуралиева, "Наше право" коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы;
  • Зариф Худайбердиев, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттик шаарчасынын директору;
  • Медина Нукеева, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын маркетинг боюнча кафедрасынын доценти;
  • Саламат Кеңешбеков, "Спортивный клуб "Альфа" коомдук фондунун төрагасынын кеңешчиси;
  • Павел Видишев, "Эко-город" ЖЧКнын директору;
  • Жамал Жолдошалиева, "Save the Children International" уюмунун адам ресурстарын башкаруу боюнча филиалынын координатору;
  • Бахтияр Саитбаев, "Кербен Интернешнл Компани" ЖЧКнын директору;
  • Салтанат Надирова, "Глобалдуу коркунучтарды изилдөө" коомдук уюмунун адиси.

Тизмеге 69 талапкер кирген. 

"Демократ"саясий партиясы:

  • Алмаз Исанов, жеке ишкер;
  • Сейтек Качкынбаев, партиянын координатору;
  • Бурулкан Усманалиева, жеке ишкер;
  • Мирбек Асангариев, убактылуу иштебейт;
  • Султан Тукешов, убактылуу иштебейт;
  • Гүлнура Төралиева, "Промотанк" ЖЧКнын аткаруучу директору;
  • Азамат Акелеев, "Промотанк" ЖЧКнын директору;
  • Муктар Жумалиев, жеке ишкер;
  • Айгерим Абдыгулова, "Рука в Руке" уюмунун менеджери;
  • Кубан Ашыркулов, Бизнести өнүктүрүү кеңешинин адиси.

Тизмеге 88 талапкер кирген.

Кыргызстандын коммунисттер партиясы:

  • Ырысбек Тойбеков, убактылуу иштебейт;
  • Мукаш Бекеев, убактылуу иштебейт;
  • Гүлмира Ибраимова, убактылуу иштебейт;
  • Улукман Калыбеков, Юстиция министрлигинин соттук кол жазмалардын экспертизасы бөлүмүнүн адиси;
  • Азамат Садыков, убактылуу иштебейт;
  • Светлана Айдарова, убактылуу иштебейт;
  • Жалил Жапиев, Назаралиевдин медициналык борборунда анестезиолог —дарыгер;
  • Сергей Ким, убактылуу иштебейт;
  • Сейил Ажыбекова, убактылуу иштебейт;
  • Игорь Кириченко, убактылуу иштебейт.

Тизмеге 70 талапкер кирген. 

"Аалам" саясий партиясы:

  • Медербек Ысманалиев, партиянын төрагасы;
  • Алексей Сорокин, партиянын түзүүчүсү;
  • Гүлнара Турдумамбетова, адвокат;
  • Улан Жолдошов, жеке ишкер;
  • Марат Алиев, ЖЧКнын директору;
  • Бактыгүл Алымкулова, адвокат;
  • Бекжан Усеналиев, убактылуу иштебейт;
  • Изат Маданбеков, КРнын кайсы бир уюмунун адиси;
  • Айсулуу Конурбаева, жеке ишкер;
  • Эрнисбек Солтоналиев, убактылуу иштебейт.

Тизмеге 72 талапкер кирген.

"Кыргызстан" саясий партиясы:

  • Таалай Сагынов, "Ак-Бата" ЖЧКда иштейт, БШКнин мурдагы депутаты;
  • Кубанычбек Конгантиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Наталья Кулматова, "Экспертиза жана баалоо көз карандысыз борбору" ЖЧКда иштейт;
  • Муратбек Акматбаев, Бишкек шаардык кещешинин депутаты;
  • Увазарбек Адылбеков, "ВиС " ЖЧКда иштейт;
  • Надежда Никитина, "Девелопмент" курулш компаниясы менен "Синема" ЖЧКда иштейт;
  • Нурлан Автандил уулу, убактылуу иштебейт;
  • Харки Валирахунов, ExcelentprofileKG ЖЧКда иштейт;
  • Улук Кыдырбаев, "Биз эксперт" аналитикалык борборунда иштейт;
  • Станислав Епифанцев, "Школа Святого Равноапостольного Великого князя Владимира" мекемесинде иштейт, БШКнын мурдагы депутаты.

Тизмеге 86 талапкер кирген.

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы:

  • Марлис Шабданов, "Арек Строй" ЖЧКнын түзүүчүсү;
  • Василий Дашков, "Мостторгпред"мамлекеттик ишканасынын начальниги;
  • Динара Курманалиева, "Скай Нет Групп" ЖЧКнын юристи;
  • Жанарбек Алымов, жеке ишкер;
  • Базарбек Абдраев, убактылуу иштебейт;
  • Махабат Алымкулова, "Кыргыз Каганат" ЖЧКнын бугалтери;
  • Улан Абдыкадыров, "ИлТегСтрой" курулуш компаниясынын генералдык директору;
  • Аскарбек Куручбеков, "Dosoy cinema" продюсери;
  • Чолпон Султанкулова, "Ата Курулуш" ЖЧКнын бөлүм башчысы;
  • Павел Десятников, "Дос ЛТД" ЖЧКнын генералдык директору, БШКнын депутаты.

Тизмеге 95 талапкер кирген.

"Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясы:

  • Нурдин Абдылдаев, убактылуу иштебейт;
  • Таалайбек Сариев, БШКнын депутаты;
  • Асель Куламбаева, "Химфарм" акционердик коомунун өкүлчүлүгүнүн башчысы;
  • Эмил Сыдыков, жеке ишкер;
  • Аликбай Сариев, БШКнын депутаты;
  • Наргиза Жолдошбаева, "Беш-Сары" ЖЧКнын генералдык директору;
  • Рысбай Аматов, БШКнын депутаты;
  • Эдик Досиев, жеке ишкер;
  • Жанаркан Абдиллаева, Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору;
  • Манас Белошаров, "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКнын директору.

Тизмеге 93 талапкер кирген.

"Жаңы Доор" саясий партиясы:

  • Жамалбек Ырсалиев, убактылуу иштебейт;
  • Улукбек Кочкоров, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, убактылуу иштебейт;
  • Елена Зорина, убактылуу иштебейт;
  • Талгат Абдыкалык уулу, "Тал-Мед" ЖЧКнын генералдык директору;
  • Жакыпбек Борубаев, "Инфосистема" ишканасында системалуу администратор;
  • Аида Карабекова, Кыргыз улуттук университетинде доцент;
  • Адилет Эгембердиев, убактылуу иштебейт;
  • Эрнис Бекназаров, убактылуу иштебейт;
  • Айнагул Куттубаева, убактылуу иштебейт;
  • Азат Бейшеев, "Аска секьюрити" ДОАнын генералдык директору.

Тизмеге 71 талапкер кирген.

Кыргызстандын социал-демократтар (КСДП) саясий партиясы:

  • Алмаз Кененбаев, БШКнын төрагасы;
  • Лев Васильев, "Электр станциялары" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • Евгения Бердникова, "Пятый канал" ЖАКнын генералдык директору;
  • Эмил Шукуров, "Арча" жаратылыш байлыгын сактап калуу демилгеси" коомдук фондунун экологу;
  • Эрмек Усубалиев, "У-групп" ЖЧКнын директору;
  • Нуржан Тынымсейитова, "СК "Елизавета" курулуш компаниясынын генералдык директору;
  • Алмазбек Уланов, "Улуттук "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын начальнигинин орун басары;
  • Эрнис Докенов, Темиржолчулардын эмгекчил кесип бирлигинин төрагасы;
  • Валентина Лисниченко, БШКнын депутаты;
  • Жумабек Салымбеков, "Дордой базары" ЖЧК рыногунун башкаруучусу.

Тизмеге 76 талапкер кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0