ОшМУнун ректору: каза болгон индиялык студенттин КРге келгенине бир ай болгон
Ошто ооруп каза тапкан индиялык студент Субан Баграбанын Кыргызстанга келгенине бир айга чукул гана убакыт болгон. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ОшМУнун ректору Каныбек Исаков билдирди.
Ректор аталган студент биринчи курска жаңы киргендигин айтты. Буга чейин ал ооруканага бир ирет түшкөн, ал эми экинчи ирет кайрадан келип, оорудан улам көз жумган.
"Студенттин сөөгү бүгүн кечки саат 20:20да Бишкекке, Бишкектен 15-ноябрда саат 08:00дө Индиянын Дели шаарына жөнөтүлөт", — деди Исаков.
Учурда ОшМУнун медицина факультетинде Индиядан келген 1500дөй студент окуйт.