БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында жаштар аллеясында жана Улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабында коомдук ажаткана курулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Учурда бул ажатканалар "Зеленстрой" ишканасына өткөрүлүп, толугу менен ишке киргизилди.

Бишкек шаарында жаштар аллеясында жана Улуттук филармониянын түндүк-батыш тарабындагы коомдук ажаткана
Мындан сырткары 2017-жылдан тарта борбордун бир катар жерлерине да ажатканалар курула баштайт. Аларды кайсыл жерлерге куруу керектигин атайын комиссия аныктаган.
- Пушкин — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиде;
- Горький атындагы сейил багы;
- Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багы;
- Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Ала-Арча – Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилиши;
- Рыскулов – Коенкозов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркы;
- Бишкектин 125 жылдыгына арналган маданият жана эс алуу паркынын аймагы;
- Ата Түрк паркынын айланасы, Шакиров көчөсү;
- Жантөшев көчөсү;
- Рыскулов – Жаш Гвардия бульвары;
- Айни – Дагенстан көчөлөрүнүн кесилиши;
- Москва – Жаш Гвардия бульвары;
- Фучик паркы;
- Чүй проспектиси – Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Абдырахманов – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши.
Салына турчу коомдук ажатканалар бардык санитардык талаптарга жооп берип, шаардык бюджеттен каржыланмакчы.
Бишкекте курула турган 18 ажаткананын картасын Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүз>>
