БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Дельфин" бассейни 9-ноябрь күнү ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы Албек Ибраимов шейшемби күнү аталган бассейнди текшерип чыгат.
"Эгерде жасалган иштер талапка жооп берсе, бассейн 9-ноябрда ачылат", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эс алуу борборуна жайдан бери ремонт жасалып келет. План боюнча 1-октябрда ишке берилмек. Бирок аталган убакытта бүтпөй калып, ноябрь айына жылган.